DCB GREEN

Виды кредитов

"Жашыл" каржылоо - бул каржы рыногун өнүктүрүүнүн заманбап дүйнөдөгү сапаттуу деп эсептелген мүмкүнчүлүгү. Акыркы жылдары барган сайын көптөгөн өлкөлөр дүйнө жүзүндөгү экологиялык абал глобалдык деңгээлде начарлап бара жатканына көңүл бура баштады. Экологиялык коопсуздуктун бузулуусу жана айлана чөйрөнү коргоо маселеси дүйнөлүк коомчулук үчүн өзгөчө актуалдуу болуп калды жана экологиялык таза технологияны түзүү, ишке киргизүү - маселени чечүүнүн негизги багыты экендиги аныкталды. Уникалдуу жаратылыш экосистемасына ээ Кыргызстан, биосфера ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселесине өзгөчө маани берип, климаттын өзгөрүүсүнүн жагымсыз кесепеттери менен күрөшүү чараларын кабыл алуу процессинде. "Жашыл экономика" мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө салым кошуу максатында "Дос-Кредобанк" ААКу экологиялык таза технологияны "жашыл продукттар" спектрин насыялоого багытталган DCB Green атайын программасын ишке киргизди. Алгачкы этап катары кыйла жаңы сегмент - зыяндуу газдардын абага тароосун азайтууга жол ачкан экологиялык таза транспорт каражаты - электромобилдерди каржылоо болуп саналат. Бул кадам калктын жаңы технологияларга болгон кызыгуусун арттырууга жол ачат, жол жүрүүнүн заманбап түрүнө болгон суроо-талаптын калыптануусуна шарт түзөт жана мунун негизинде керектөөчүлөрдү коомдо "экологиялык" жашоо кечирүүнү көндүм катары алып жүрүүсүнө үндөйт. КРнын ичинде транспорт каражаты катары электр каражаттарынын экосистемасынын потенциалы жогорулап жаткандыгына байланыштуу "Дос-Кредобанк" ААКу DCB Green эко долбоорунун алкагында ушул долбоордун өнөктөштөрүнүн түйүндөрүнө колдонуу үчүн орнотулган кубаттоочу станциялардын санын көбөйтөт. Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында тийиштүү каржылоонун негизинде өз автопарктарын электр автомобилдери менен толуктоого кызыкдар болгон транспорттук компаниялар бар. Экологияны, айлана-чөйрөнү коргоо жана калктын саламаттагын коргоо үчүн өзүнүн "жашыл" стратегиясын кеңейтүү иретинде, "Дос-Кредобанк" ААКу өнөктөш уюмдар менен биргеликте, көмүр отунду жагуунун кесепетинен улам смогдун, сымап аралашмасынын жана абага формальдегиддин таралуусун кыскартууга, ошондой эле калктын канцерогендик тобокелдигинин деңгээлин төмөндөтүү максатында турак-жайларды газификациялоо боюнча долбоорду ишке киргизди. 2021-жылы 9-июнда "Дос-Кредобанк" ААКнун жана "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу алкагында газификация боюнча кызматтардын тутумуна калктын жана юридикалык жактардын жетки алуусуна багытталган Меморандумга кол коюлду. Газ жабдууларын 18 айга чейин пайызсыз (0%) бөлүп төлөө шарты менен сатып алуу уникалдуу мүмкүнчүлүгү электр энергиясы менен жылытуу системасынан баш тарткан калк үчүн каражатын үнөмдөөгө гана эмес, үй чарбасын тейлөөгө кеткен чыгымдарды да жөнгө салууга мүмкүнчүлүк түзөт. Газификация боюнча долбоорлорду колдоо экологиялык жана социалдык долбоорлорго көмөк көрсөтүүгө багытталган, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу, энерго жана ресурстарды коргоону колдоо "Дос-Кредобанк" ААКнун жана "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын "жашыл" векторду өнүктүрүүнүн актуалдуу бөлүгү болуп эсептелет. Жашыл насыялоо - бул курчап турган чөйрөгө жана жалпы коомго пайда алып келген жоопкерчиликтүү каржылоо.