«Дос-Кредобанк» ААК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондунун аймагында дарактарды отургузуу боюнча экологиялык демилгелерди өткөрүү жөнүндө маалымдайт.
Көчөт отургузуу иши Чүй токой-аңчылык чарбасынын жерлеринде уюштурулду жана 20 гектар аянтты камтыды. Иш-чарага Банктын кызматкерлери катышты.
Жүргүзүлгөн иштердин алкагында 2 500 грек жаңгагынын көчөтү отургузулду
Мындай демилгелерди ишке ашыруу токой ресурстарын калыбына келтирүүгө, экологиялык кырдаалды жакшыртууга жана аймактын туруктуу өнүгүүсүн колдоого багытталган.
«Дос-Кредобанк» ААК экологиялык жоопкерчилик жаатындагы долбоорлорду ырааттуу ишке ашырат жана айлана-чөйрөнү сактоого салым кошууну улантат.
Кеңири маалымат алуу үчүн: https://www.instagram.com/reel/DXd12QDDaUQ/?igsh=MXZ4YjV6c3ZibmZlMQ==