Электрондук капчык -

товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүн болгон, ошондой эле башка электрондук капчыктарга, кайрымдуулук уюмдарга жардам иретинде акча которууга шарт түзгөн төлөм аткаруу куралы.

Бул эмне?

Электрондук капчык - товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүн болгон, ошондой эле башка электрондук капчыктарга, кайрымдуулук уюмдарга жардам иретинде акча которууга шарт түзгөн төлөм аткаруу куралы. Зарыл болгон учурларда электрондук капчыктагы каражатты банк аркылуу накталай акчага айландырып алууга да болот.

Маанилүү! Идентификациядан өтпөгөн капчыктар боюнча жүргүзүлгөн бардык операцияларга тыюу салынат.

Преимущества

Тездик

Электрондук акчаларды которуу көз ирмемде ишке ашат. Капчыкты толуктоо же капчыктан акча которуу 24/7 режиминде жүргүзүлө берет.

Кеңири мүмкүнчүлүктөр

Электрондук капчыктар төлөм кызматтарынын кеңири түрүн күнү-түнү колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мобилдүүлүк

Колдо болгону телефон, тиркеме жана төлөм жүргүзүү/акча которуу үчүн интернетке жетки болсо болду.

Коопсуздук

Күмөн жараткан бардык операциялардан сыр сөздөр жана маалыматтык билдирүүлөр электрондук капчыкты коргоп турат.

Идентификация и ее виды

Идентификация – бул кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндөгү жеке маалыматтарды киргизүү процедурасы. Идентификациянын 2 түрү бар: оффлайн идентификация жана онлайн идентификация.

Онлайн
01

Что нужно сделать?

  • 1

    Тиркемени жүктөп алып, аралыктан толтурулуучу форманы толтуруңуз (тиркемелери менен).

  • 2

    Паспорттун оң жана арткы беттеринин сүрөтү. Паспортту колуна кармап түшкөн, ээсинин жүзү көрүнгөн сүрөтү

  • 3

    Селфи/бир нече аракеттердин алгоритми

Оффлайн
02

Что нужно сделать?

  • 1

    Банктын бөлүмүнө же уюлдук операторлордун тейлөө түйүндөрүнө паспортуңуз (оригиналы) менен барасыз.

  • 2

    Капчыкты каттоодон өткөрүү үчүн анкета-билдирмени толтурасыз.

Виды электронных кошельков