DCB жол

Негизги 10 суроо

1) Которулган акчаны кантип алууга болот?

Которулган акчаны кантип алууга болот?

Жаңылынды 30.05.2020
Эӊ жакын тейлөө пунктун тандаӊыз, которуу кайсы система боюнча аткарылганын операторго билдириӊиз, өздүгүӊүздү тастыктаган документиӊизди көрсөтүӊүз да, которуунун көзөмөлдүк номурун (ККН) айтыӊыз.
Жооп Сиз үчүн пайдалуу болдубу?
2) Акча которууну кантип жөнөтүүгө болот?

Акча которууну кантип жөнөтүүгө болот?

Жаңылынды 23.05.2020
Акча которуунун тигил же бул системасын тейлеген эӊ жакын тейлөө пунктуна кайрылыӊыз, өздүгүӊүздү тастыктаган документиӊизди көрсөтүӊүз да, алуучунун аты-жөнүн, акча которуу жөнөтүлүүчү өлкөнү жана шаарды айтыӊыз.
Жооп Сиз үчүн пайдалуу болдубу?
3) Которуунун номурун кантип биле алам?

Которуунун номурун кантип биле алам?

Жаңылынды 19.05.2020
Которуунун кодун Сизге жөнөтүүчү билдирүүгө тийиш.
Жооп Сиз үчүн пайдалуу болдубу?
4) Мен ири суммадагы которууну күтүп жатам, аны алууда кандайдыр-бир өзгөчөлүктөр барбы?

Мен ири суммадагы которууну күтүп жатам, аны алууда кандайдыр-бир өзгөчөлүктөр барбы?

Жаңылынды 19.05.2020
Айрым учурларда акча каражаттарынын ири суммаларын алуу процедурасы алдын ала буюртма берүүнү талап кылат. Сиз которууну алууну пландап жаткан банктын бөлүмүнүн өзүнөн же Кардарларды колдоо борборунан 8686 алдын ала маалымат ала аласыз.
Жооп Сиз үчүн пайдалуу болдубу?
5) Жөнөтүлгөн которууга кантип өзгөртүү киргизүүгө болот?

Жөнөтүлгөн которууга кантип өзгөртүү киргизүүгө болот?

Жаңылынды 19.05.2020
Которууга өзгөртүү киргизүү үчүн (эгер ал алуучуга бериле элек болсо), жөнөтүүчү өздүгүн тастыктаган документи менен Банктын акча жөнөтүлгөн пунктуна кайрылуусу зарыл.
Жооп Сиз үчүн пайдалуу болдубу?
6) Эгер мен которууну дароо ала албасам, акча канча убакытка чейин берилүүгө даяр бойдон турат?

Эгер мен которууну дароо ала албасам, акча канча убакытка чейин берилүүгө даяр бойдон турат?

Жаңылынды 19.05.2020
Акча которуунун ар бир системасында которууну алуунун өз мөөнөттөрү аныкталган (30 күн, 90 күн, 3 жыл). Толугураак маалыматты акча которуу системасынын сайтынан таба аласыз же Банктын Кардарларды колдоо борборуна кайрыла аласыз.
Жооп Сиз үчүн пайдалуу болдубу?
7) Карызгердин тууганы эсептин номурун билбей туруп насыяны төлөй алабы?

Карызгердин тууганы эсептин номурун билбей туруп насыяны төлөй алабы?

Жаңылынды 29.05.2020
Ооба, Банктын бөлүмүнөн төлөй алат.
Жооп Сиз үчүн пайдалуу болдубу?
8) Эгер башка параллелдик насыя бар болсо, насыя алууга болобу?

Эгер башка параллелдик насыя бар болсо, насыя алууга болобу?

Жаңылынды 30.05.2020
Эгер кирешеӊиз 2 параллелдик насыяны төлөөгө жетиштүү болсо жана насыялык тарыхыӊыз жакшы болсо, уруксат берилиши мүмкүн. Чечимди Насыялык комитет кабыл алат.
Жооп Сиз үчүн пайдалуу болдубу?
9) Насыяны кандай жолдор менен төлөөгө болот?

Насыяны кандай жолдор менен төлөөгө болот?

Жаңылынды 29.05.2020
@dcb.kg банкынын насыяларын жоюунун ыкмалары: DOSCREDOBANK, Beeline, QuickPay төлөм терминалдары (комиссия – 5 сомдон 20 сомго чейин), Pay 24 төлөм терминалы (комиссия – сумманын 2%ы); Элкарт уюлдук тиркемеси; BALANCE электрондук капчыгы; О!Деньги электрондук капчыгы; MegaPay электрондук капчыгы; клиринг/гросс системасы аркылуу банктагы эсептешүү эсебине которуу; @dcb.kg банкынын бөлүмдөрүндө.
Жооп Сиз үчүн пайдалуу болдубу?
10) Эгер маалымкат бере албай турган жеке менчик уюмда иштесем, насыя ала аламбы?

Эгер маалымкат бере албай турган жеке менчик уюмда иштесем, насыя ала аламбы?

Жаңылынды 29.05.2020
Жок, мүмкүн эмес. Кирешени жана салыкка, соцфондго чегерүүлөрдү тастыктаган документтин болушу зарыл
Жооп Сиз үчүн пайдалуу болдубу?