Маанилүү! Ипотекалык продуктыга насыя берүү убактылуу токтотулду, калыбына келтирилгендиги боюнча маалымат кошумча берилет.
Насыянын валютасы:
Насыяны төлөө графиги:
- Ай сайын, негизги карыз жана пайыздар аннуитеттик төлөмдөр менен;
- Ар бир айга бирдей суммада бөлүнгөн;
- Төлөө үчүн ыңгайлуу график.
Насыя берүү мөөнөтү:
- Документтердин толук топтомун тапшыргандан кийин 5 иш күнүнөн ашык эмес
Камсыздоо:
- Кыймылсыз мүлк;
- Алынып жаткан кыймылсыз мүлк;
- Кошумча күрөө катары - башка кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, "Дос-Кредобанк" ААКдагы депозиттик эсеп.
Насыянын бул түрүн кимдер ала алат:
Жеке ишкерлер жана жеке жактар:
1. Насыя алуу боюнча билдирме бергенге чейин 6-12 ай ичинде туруктуу киреше булагы болгон, айлык маянасын тастыктаган аныктамасы жана башка киреше булактарын көрсөткөн документтери бар жеке жактар;
2. Алты айдан кем эмес убакыттан бери туруктуу киреше алып келген бизнеси жана анын бар экенин тастыктаган документтери (патент, лицензия, индивидуалдуу ишкерлик аныктамасы жана башка) индивидуалдуу (жеке) ишкерлер;
3. Мал багууда алты айдан кем эмес тажрыйбасы бар же 2 сезондон кем эмес убакыттан бери эгин эгип, жер иштетип жүргөн жеке ишкерлер, жогоруда айтылган иштерин тастыктаган документтери менен.
Билдирмени кароо үчүн керектүү документтер:
- Насыя алуучунун, колдоочунун, күрөө коюучунун, сатуучунун (күйөөсү/айылынын паспортунун жана никеси тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү) паспортторунун оригиналы менен салыштырылган көчүрмөсү;
- Насыя алуучунун жана колдоочунун акыркы 6-12 ай ичинде алган маянасынын аныктамасы. Анда которулган сумма да, кармалган сумма да көрсөтүлүшү керек, карта-эсептен каражаттын чыгарылгандыгы же 6-12 ай аралыгындагы киреше булагын күбөлөндүргөн башка документтер;
- Патент, лицензия, жеке ишкерликтин аныктамасы же иштеп жаткан бизнестин бар экенин тастыктаган башка документтер;
- Бизнес боюнча башка документтер;
- Айыл өкмөттөн мал/жер тилкеси бар экендигин тастыктаган документ;
- Насыя алуучунун, колдоочунун жашаган жеринен аныктама (Насыялык комитеттин чечимине карап);
- Күрөөгө коюуга укук берилген документтер;
- Кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу боюнча укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен документ.