Баалуу кагаздар менен операциялар

«Дос-Кредобанк» ААКы өз кардарларына Мамлекеттик баалуу кагаздарды (МБК) сатып алуу боюнча кызматтарды сунуштайт:

Мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ), эмитенти болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги саналат.         Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КРУБ) ноталары, эмитенти болуп КРУБ саналат.

МБКлар номиналдан төмөн баада сатып алынат да, мөөнөттүн аягында номинал боюнча төлөп берилет.                              Юридикалык да, физикалык да тараптар алардын ээлери боло алышат. МБК сатып алуу үчүн Сизге төмөнкүлөр зарыл:

1) Банктан эсеп ачуу;

2) МБК сатып алуу/сатуу келишимин түзүү;

3) МБК сатып алуу ниети жөнүндө өтүнмө калтыруу.

МБКнын түрү
Аукциондун күнү
Жүгүртүү мөөнөтү
Номиналдык наркы
МКВ
Бейшемби
3, 6 жана 12 ай
100 сом
КРУБ нотасы
Шейшемби
7, 14 жана 28 күн
10 000 сом

Баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн комиссиялар:

Юридикалык тараптарга МБК сатып алуу жана сатуу: Берилген өтүнмө боюнча минималдуу саны 100 даана.
Билдирмеден 0,05%, минималдуу 1000 сом, максималдуу 10 000 сом
КРУБ ноталарын юридикалык тараптарга сатып алуу жана сатуу: Берилген өтүнмө боюнча минималдуу саны чектелбейт.
Билдирмеден 0,05%, минималдуу 1000 сом, максималдуу 10 000 сом