Банктык кепилдик

Банктык кепилдик

Банктык кепилдик – макулдашуулар сунуштоочу тарабынан аткарылбаган учурда тапшырыкчыга белгилүү бир акча каражаттарынын суммасын төлөп берүүгө банктын жазуу түрүндөгү милдеттенмеси.

«Дос-Кредобанк» ААКы жеке ишкерлерге жана юридикалык тараптарга – Кыргыз Республикасынын резиденттерине банктык кепилдиктерди сунуштайт.

 

Банк кепилдиктин төмөнкүдөй түрлөрүн берет:

Конкурстун/тендердин катышуучусунун жоопкерчилигин камсыз кылуучу тендерлик кепилдик (ТК)

Контракт/келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышына кепилдик (КМК)

Төлөмдүн кепилдиги

Аванстык төлөмдү кайтаруу кепилдиги

Кепилдикти алуу үчүн кардар (Принципал) милдеттүү түрдө банкка төмөнкүдөй түрдөгү камсыздоону тапшырат:

Кепилдикти алуу үчүн кардар (Принципал) милдеттүү түрдө банкка төмөнкүдөй түрдөгү камсыздоону тапшырат:

Документтердин тизмеси (күрөөгө коюлуучу кыймылсыз мүлк)
Документтердин тизмеси (акчалай күрөө)

Кепилдик берүү үчүн комиссиялар:

Тарифтер

Аталышы

Валюта БГ

Комиссия*

Эскертүү

Акча каражаттары түрүндө камсыздоо менен кепилдик, 3 500 000 сомго чейин камтуу менен (КРУБдун эсептик курсу боюнча эквиваленти)

Сом, АКШ доллары, Евро, Рубль, Теӊге жана башка валюта

1 % - 1,5 %

2 000 сомдон кем эмес

3 500 001 сомдон 10 000 000 сомго чейин камтуу менен (КРУБдун эсептик курсу боюнча эквиваленти)

0,6 % - 1 %

10 000 001 сом жана андан жогору (КРУБдун эсептик курсу боюнча эквиваленти)

0,3 % - 0,6 %

Башка камсыздоо менен кепилдик 10 000 000 сомго чейин камтуу менен (КРУБдун эсептик курсу боюнча эквиваленти)

2 % - 5 %

4 000 сомдон кем эмес

10 000 001 сом жана андан жогору (КРУБдун эсептик курсу боюнча эквиваленти)

1 % - 2 %

Кепилдиктин шарттарын, банктык кепилдик боюнча линияны өзгөртүү

5 000 сом

* Комиссия бир жолку негизде кепилдиктин суммасынан алынат

Банктык кепилдик

Банктык кепилдик – милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуунун натыйжалуу жана ишенимдүү ыкмасы.

Кепилдиктин шарттарын өзгөртүү

Шарттарды өзгөртүү кардардын (Принципалдын) жазуу түрүндөгү арызынын негизинде, кардар (Принципал) арызды кароо үчүн 5 000 сом өлчөмүндөгү комиссияны төлөгөндөн кийин каралат. Кепилдиктин шарттарын өзгөртүү Банктын Насыялык Комитетинин чечими боюнча жүргүзүлөт. Кепилдиктин жарамдуулугу кепилдикте көрсөтүлгөн мөөнөттө же Банктык кепилдик берүү жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн учурларда аяктайт. Күрөөнү тариздөөдө нотариалдык кеӊседеги, МККдагы же Күрөө каттоо кеӊсесиндеги мамлекеттик алымдарды жана жыйымдарды төлөө боюнча бардык чыгымдарды кепилдик алуучу көтөрөт.

Банк тарабынан берилген кепилдиктин аныктыгын бышыктоо үчүн Банктын Башкы офисине (Бишкек ш., Чүй проспектиси, 92 (“Чынар” ГУМу), 6-кабат) же банктын электрондук почтасынын расмий дарегине  office@doscredobank.kg жазуу түрүндөгү суроо-талап жөнөтүү зарыл.

Банктык кепилдикти тариздөө үчүн болгону 3 кадам керек:

Өтүнмө тариздөө

Документтерди даярдоо

Келишимге кол коюу