«ЭКО-Туризм» кредиттөө программасы DCB Green Doscredobank тарабынан иштелип чыккан «жашыл» насыя болуп саналат жана биздин өлкөдө туризм тармагын өнүктүрүүгө жана ички туризм бизнесине энергияны үнөмдөөчү жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталган. «Жашыл» кредиттин бул түрү туризм жана мейманканалык тейлөө менен алектенген жеке ишкерлерге, ошондой эле юридикалык жактарга – кафелерге, ресторандарга, мейманканаларга, конок үйлөрүнө, боз үй лагерлерине, санаторийлерге жана клиникаларга арналган.
«ЭКО – Туризм» кредити төмөнкү максаттарга берилет:
1. жылытуу жана муздатуу чыгымдарын азайтуу үчүн имараттарды жылуулоо;
2. жашыл жана кайра жаралуучу энергия технологияларын киргизүү;
3. сууну үнөмдөө - тамчылатып сугаруу системаларын, тазалоочу курулмаларды жана жамгыр сууларын чогултуу;
4. жылытуу, муздатуу жана желдетүү системаларын жакшыртуу;
5. энергияны үнөмдөөчү жарыктандырууну киргизүү;
6. энергияны үнөмдөөчү жана сууну үнөмдөөчү жабдууларды орнотуу жана эксплуатациялоо;
7. таштандыларды сорттоо үчүн таштанды челектерин сатып алуу, ошондой эле колдонулган пластмассадан таңгактоо үчүн прессти сатып алуу жана энергияны жана ресурстарды үнөмдөө боюнча башка чаралар.
Жоопкерчилик боюнча бонустар: "ЭКО-Туризмди" өз убагында жана толук төлөгөн Доскредобанктын насыя алуучулары кредит боюнча төлөнгөн пайыздарды (кэшбэк) 10% өлчөмүндө кайтарып алууга укуктуу.
Жаӊылыктар
08 Июль 2026
ЭКОНОВОСТИ
“Дос-Кредобанк” ААК туруктуу каржылоо чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты бекемдейт
2026-жылдын 7-июлунда “Дос-Кредобанк” ААК жашыл жана туруктуу каржылоо жаатындагы алдыңкы эл аралык эксперттик борборлордун бири болгон Финансы жана туруктуу өнүгүү институтунун (Institute of Finance and Sustainability, IFS, Пекин) делегациясын кабыл алды.
«Дос-Кредобанк» ААКтын VIP-борборунда тарыхый нумизматикалык тыйындар коллекциясы коюлган.
«Дос-Кредобанк» ААКтын VIP-борборунда тарыхый нумизматикалык тыйындардын уникалдуу коллекциясы коюлган, ал Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын бай тарыхый мурасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет.
"Дос-Кредобанк" ААК "Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик" спорттук иш-чарасына катышты.
2026-жылдын 23-майында "Адинай" жана "Ынтымак" парктарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Респуликасынын «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруунун алкагында спорттук иш-чара уюштурулду.
Токмок токой-аңчылык чарбасынын аймагындагы Ак-Бешим участогунда дарактарды отургузуу
«Дос-Кредобанк» ААК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондунун аймагында дарактарды отургузуу боюнча экологиялык демилгелерди өткөрүү жөнүндө маалымдайт.
“Дос-Кредобанк” ААК операциялык ишке жана кардарлардын тажрыйбасына ESG-ыкмасын киргизет
“Дос-Кредобанк” ААК экологиялык жана социалдык демилгелерди Банктын күнүмдүк ишине интеграциялоо менен, туруктуу өнүгүү принциптерин (ESG) ырааттуу ишке ашырууда.
«Дос-Кредобанк» ААК жана Климаттык каржылоо борбору стартегиялык өнөктөштүктү түзүштү
Ушул Меморандумдун максаты стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана Тараптардын төмөнкүлөргө багытталган узак мөөнөттүү натыйжалуу кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат:
"Сиздин Зарядыңыз" экология үчүн: "Дос-Кредобанк" 13.5 кг батарейканы кайра иштетүүгө өткөрдү
Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылуучу "Сиздин Зарядыңыз" экологиялык демилгесинин алкагында "Дос-Кредобанк" ААКнын кызматкерлери ар кайсы түрдөгү батарейкаларды (AA, AAA жана 9V) чогултуп, коопсуз кайра иштетүүгө өткөрдү. Жалпы салмагы 13.5 кгды түздү.