26 Октябрь 2026 09:10

«Дос-Кредобанк» ААК JASHYL DEM FEST — KUZ 2026 экологиялык фестивалына колдоо көрсөттү

Фестиваль мамлекеттик органдардын, бизнестин, экологиялык уюмдардын өкүлдөрүн, ыктыярчыларды жана кайдыгер карабаган жарандарды Кыргызстанды жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү сактоого реалдуу салым кошуу жалпы максаты менен бириктирди.

Экологиялык демилгенин алкагында Кыргызстандын үч жеринде 30 000дей көчөт отургузулду. Бишкектеги Кара жыгач сейил багында 15 000 кара жыгач көчөтү, Кемин районунда — 6 000 көчөт, ал эми Манас шаарында – дагы 9 000 көчөт отургузулду.

«Дос-Кредобанк» расмий өнөктөш катары гана эмес, түздөн-түз катышуу менен бул демилгеге колдоо көрсөттү. Банктын кызматкерлери экологиялык акцияга кошулуп, көчөттөрдү отургузууга катышып, өлкөнү жашылдандырууга салым кошушту.

Мындай демилгелерди колдоо Банктын ESG-стратегиясын улантуу болуп саналат, бул стратегиянын өзөгүн экологиялык жоопкерчилик, туруктуу өнүгүү жана келечек муунга камкордук принциптери түзөт.

2021-жылы эле «Дос-Кредобанк» ААК жашыл каржылоону өнүктүрүүгө жана жаратылышты коргоо демилгелерин колдоого багытталган, өзүнүн DCB GREEN экологиялык долбоорун ишке киргизген. Банк калдыктарды бөлүп чогултууну, колдонулган батарейкаларды топтоону, күн панелдерин пайдаланууну жана банктык карталарды кайра колдонууну кошо алганда, өз ишине экологиялык тажрыйбаларды ыраттуу киргизип келет.

«Дос-Кредобанк» ААК туруктуу келечек конкреттүү иш-аракеттерден баштала турганына, ал эми бизнестин, мамлекеттин жана коомдун күч-аракетин бириктирүү реалдуу позитивдүү өзгөрүүлөрдү жарата алаарына ишенет.

Бүгүн экологиялык демилгелерге колдоо көрсөтүп, биргеликте Кыргызстандын жашыл келечегин курабыз.