Банк жөнүндө

«Дос-Кредобанк» ААК – Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда 29 жылдан ашык туруктуу иштеген банк. Банк 1997-жылдын 18-июнунда негизделген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын №037 Башкы лицензиясынын негизинде иш жүргүзөт. Банк бөлүмдөрдө да, онлайн да банктык кызматтарга жетүү мүмкүндүгүн камсыздап, заманбап финансы жана санарип чечимдерди өнүктүрүү менен, топтогон тажрыйбасын жана ишенимдүүлүктү айкалыштырат. Банктын өнүккөн филиалдар тармагы Кыргыз Республикасынын бардык аймагында туруктуу иштөөнү жана банктык кызматтарга жетүү мүмкүндүгүн камсыздап, башкы кеңсени, 10 филиалды жана 50 аманат кассасын, анын ичинде күнү-түнү иштеген 4 аманат кассасын камтыйт.

Банк кредиттөө, эсептик-кассалык тейлөө, которуулар, аралык сервистер жана башка финансылык чечимдер сыяктуу банктык кызматтардын кеңири спектрин сунуштап, жеке кардарлар, жеке ишкерлер жана юридикалык жактар менен иштешет.

Банк банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат жана жыл сайын финансылык отчеттуулуктун эл аралык аудитин өткөрөт.

«Дос-Кредобанк» ААК 29 жылдан ашык убакыт ичинде туруктуу кардарлар базасын түзүп, ишенимдүү бизнес-процесстерди куруп, ар кандай экономикалык шарттарда өзүнүн туруктуулугун тастыктады.

Банктын иши Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоого багытталган. «Дос-Кредобанк» ААК ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшөт, жумуш орундарын түзүүгө жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга катышат.

Банк кардарлардын өлкөнүн ичинде да, анын чегинен тышкары да операцияларга жетүү мүмкүндүгүн камсыздап, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрөт жана чет элдик финансы институттары менен корреспонденттик мамилелерди колдойт.

Банк Кыргызстан банктар бирлигинин жана Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын мүчөсү болуп саналат.

Банктын бардык бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына жооп берет жана банктык операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон инфраструктура менен жабдылган, анын ичинде коопсуздук жана инкассация системалары бар.

Сервистер жана жеткиликтүүлүк
Банк кардарлардын ар кандай каналдар аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт:

  • Бишкектеги жана Оштогу дем алышсыз, күнү-түнү иштеген бөлүмдөр
  • Байланыш борбору 8686 (24/7)
  • 30 мүнөттө кредиттерди жана бөлүп төлөөнү тариздөө
  • электрондук капчыктар (UMAI, Balance.kg, cash2u)
  • мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг аркылуу аралык сервистер

Банктын негизги продукттары жана сервистери
«Дос-Кредобанк» ААК финансылык операцияларга ыңгайлуу жетүү мүмкүндүгүн камсыздап, классикалык банктык продукттарды да, заманбап санарип чечимдерди да өнүктүрөт.

Simbank
2024-жылы Банк тарабынан сунушталган санарип банктык сервис.
Visa кредиттик картасын тариздөөгө, которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле бөлүмдөргө барбай туруп, банктык кызматтарды пайдаланууга мүмкүндүк берет.

DCB 360
Кредиттерди башкаруу үчүн мобилдик тиркеме.
Учурдагы кредиттер боюнча маалымат, төлөмдөр графиктери, онлайн-төлөө жана билдирүүлөр.

DCB Business
Ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн чечим.
Эсептерди башкаруу, которуулар жана эсептешүүлөр, төлөмдөрдү кабыл алуу, салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө.

Интернет-банкинг
Аралыктан банктык тейлөө системасы.
Эсептерди көзөмөлдөө, төлөмдөрдү жүргүзүү (SWIFT кошо алганда), валюталык операциялар жана документтер менен онлайн иштөө.

Эл аралык которуулар жана эсептешүүлөр
Банктын кардарларына төмөнкү системалар аркылуу которуулар жеткиликтүү:
Аманат, SWIFT, SENDY, Ria, Western Union, MoneyGram, UPT, Kwikpay, Korona жана башкалар.

Бул өлкө ичинде да, анын чегинен тышкары да операцияларды жүргүзүүнүн ыңгайлуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздайт.

2025-жылдын 26-декабрында Банк жеке мамилени, купуялуулукту жана жогорку деңгээлде тейлөөнү баалаган кардарлар үчүн Doscredobank VIP-борборун ачты.

Биздин миссиябыз

Күткөндөн артык болуу. Күн сайын биз инновациялык жана алдыңкы технологияларды пайдалануу менен, адамдардын жана коомдун жыргалчылыгы үчүн жогорку сапатта жана жогорку ылдамдыкта финансылык кызматтарды көрсөтөбүз.

Банк тейлөөнүн жогорку деңгээлин, операциялардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга, ишенимдин жана кардарлар менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн негизи катары технологиялык чечимдерди өнүктүрүүгө умтулат.

Миссияны ишке ашыруу санарип чечимдерди киргизүүгө, бизнес-процесстерди автоматташтырууга жана заманбап технологияларды пайдаланууга негизделет, бул операциялык натыйжалуулукту жогорулатууга, Банктын туруктуулугун жана жөнгө салуучунун талаптарына шайкештикти камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Кардарлардын, бизнестин жана мамлекеттин кызыкчылыктарына багыт алуу, ресурстарды жоопкерчиликтүү башкаруу жана Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуу Банкты узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүктүрүүнүн негизин түзөт.

Стратегиялык максаты

Финансылык максаттарга жетүүдө кардарларга жардам берген, инновациялык, универсалдуу, өсүп жаткан жана атаандашууга жөндөмдүү Банктын калыптанышы.

Банктын жоопкерчилиги

Банк төмөнкүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигин баамдап түшүнүү менен, өз ишин жүргүзөт:

  • акционерлер: капиталды натыйжалуу башкаруу үчүн
  • капдарлар жана аманатчылар: каражаттардын сакталышы жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты үчүн
  • коом: мыйзамдардын сактылышы жана экономиканы өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн

Банктын философиясы

Банктын философиясы Кайдзен принциптерине, тейлөө жана башкаруу процесстерин, сапатын туруктуу жана ырааттуу өркүндөтүүгө багытталган мамилеге негизделет.

Мындан тышкары Банктын философиясы адилеттүүлүк, саясый кайдыгерлик жана акылкөйлүк принциптерине таянат. Банктын ичинде да, тышкы чөйрө менен да өз ара мамилелердин шайкештигине өз ара ишеним, жоопкелчиликтүү мамиле жана туруктуу өнүгүү аркылуу жетишилет.

Негизги принциптери

  • Кардарларга багыт алуу: Банктын кызмат көрсөтүүлөрү кардарлардын муктаждыктарына багытталган
  • Тынымсыз өркүндөө: тейлөө процесстерин жана сапатын туруктуу өнүктүрүү
  • Ачык-айкындуулук: өз ара аракеттенүү жана ишенимдүү маалыматтын негизинде чечимдерди кабыл алуу
  • Ишенимдүүлүк жана сапат: операциялардын туруктуулугун жана жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүнү камсыздоо
  • Маалыматтардын негизинде башкаруу: талдоонун жана фактылардын негизинде чечимдерди кабыл алуу
  • Стандартташтыруу жана көзөмөл: бирдиктүү стандарттардын жана бизнес-процесстердин туруктуулугун сактоо

ДосКредоБанктын баалуулуктары:

Урмат-сый менен мамиле кылуу

Стандартсыз ой жүгүртүү жана стереотиптерден алыстоо

Тынымсыз өнүгүү жана өркүндөө

Минимум чыгымдар менен максимум натыйжага жетишүү

Ачык жана ишенүү мамилелерди түзүү

Биз калкка ыӊгайлуу болууга кам көрөбүз, дал ошол үчүн төмөнкү өнүмдөрдү ишке киргиздик

мобилдик сервис
күнү-түнү иштеген бөлүмдөр
санарип банкинг
күнү-түнү байланыш борбору
бизнес банкинг
ыкчам кредит
электрондук капчыктар
интернет банкинг