16 Июль 2026 17:07

“Дос-Кредобанк” ААК жашыл облигациялардын дебюттук чыгарылышынын үч жылдык мезгилин ийгиликтүү аяктады

“Дос-Кредобанк” ААК жашыл облигациялардын дебюттук чыгарылышынын үч жылдык мезгилин ийгиликтүү аяктап, тартылган каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын тастыктады. Облигацияларды жүгүртүү мезгилинде 100% тартылган капитал DCB Green алкагында “жашыл” насыяларды каржылоого жумшалган.

Олуттуу экологиялык, социалдык жана экономикалык салым кошулду: 145 аял каржылоону алышты, жашыл каржылоонун портфели үч жыл аралыгында 85 млн сом деңгээлинде кармалды, ал эми чыгарылыш Кыргыз фонд биржасындагы коммерциялык банктын биринчи ESG-куралы болуп, Кыргызстандын туруктуу каржылоо рыногун өнүктүрүүгө көмөктөштү.

2023-2026-жылдар үчүн жашыл облигациялар боюнча толук отчет менен төмөн жактагы шилтеме боюнча таанышсаңыз болот.

/media/ckeditor/2026/07/16/_ru.pdf