08 Июль 2026 16:07

“Дос-Кредобанк” ААК туруктуу каржылоо чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты бекемдейт

2026-жылдын 7-июлунда “Дос-Кредобанк” ААК жашыл жана туруктуу каржылоо жаатындагы алдыңкы эл аралык эксперттик борборлордун бири болгон Финансы жана туруктуу өнүгүү институтунун (Institute of Finance and Sustainability, IFS, Пекин) делегациясын кабыл алды.

Бул сапар Банк үчүн маанилүү окуя жана Кыргыз Республикасында туруктуу каржылоонун заманбап ESG-мамилелерин жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды киргизүүгө багытталган эл аралык кызматташтык өнүктүрүүгө дагы бир кадам болуп калды.

Делегацияны Финансы жана туруктуу өнүгүү институтунун негиздөөчүсү жана президенти (IFS, Пекин) доктор Ма Цзюнь, ошондой эле туруктуу каржылоо боюнча G20 Жумушчу тобунун тең төрагасы жетектеп келди. Делегациянын курамында IFS Эл аралык кызматташтык департаментинин директору Стелла Лан Шэнь катышты.

“Дос-Кредобанк” ААК тарабынан жолугушууга Башкарма Төрагасы Омуралиев Талантбек Эсенгулович, Башкарма мүчөсү Убышев Айдар Эркинбекович жана ESG-адис Осмонова Бегаим Нурлановна катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туруктуу каржылоону өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди талкуулашты. Негизги темалар жашыл облигациялар рыногун өнүктүрүү перспективалары, жашыл финансы жаатында банк секторунун адистерин даярдоо жана тастыктамалоо программасы, жашыл финансы куралдарын верификациялоо, ошондой эле Борбордук Азияда жана эл аралык деңгээлде ESG өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары болду.

Жолугушуу үчүн аянтча катары “Дос-Кредобанк” ААКты тандоо бекер жеринен болгон жок. Бүгүнкү күндө Банк өз ишине туруктуу каржылоонун принциптерин ырааттуу киргизүү менен, Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азиядагы биринчи “жашыл” банк болуп саналат.

DCB GREEN стратегиясынын алкагында Банк туруктуу өнүгүүнү колдоого багытталган демилгелер комплексин ишке ашырат. “Дос-Кредобанк” ААК “Алкак жана жол” эл аралык демилгесинин алкагында “Жашыл инвестициялык принциптерге” (Green Investment Principles) кошулган Борбордук Азиянын биринчи банкы болуп калды. Ошондой эле Банк биринчилерден болуп каражаттары экологиялык долбоорлорду каржылоого гана жумшалган “жашыл” аманатты киргизген, биринчи болуп Жашыл климаттык фонд (Green Climate Fund, GCF) мене бирге долбоорлорду ишке ашырып баштаган жана энергиялык майнаптуулук, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана экологиялык транспорт чөйрөсүндөгү долбоорлорду колдоп, экологиялык насыялар линейкасын өнүктүрүп келет.

Мындай жолугушуулар өлкөнүн финансы секторун өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Эл аралык тажрыйба алмашуу мыкты тажрыйбаларды киргизүүгө, финансы инструменттерин өркүндөтүүгө жана туруктуу өнүгүү жаатында алдыңкы дүйнөлүк эксперттер менен кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

“Дос-Кредобанк” ААК үчүн ESG өзүнчө багыт эмес, узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү. Эл аралык өнөктөштүктү кеңейтип жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларды киргизип, Банк заманбап туруктуу каржылоо системасын түзүүгө жана Кыргызстандын “жашыл” экономикасын өнүктүрүүгө салымын кошот.

Кененирээк бул жерде