DCB GREEN

КҮН ПАНЕЛДЕРИН ОРНОТУУ

Күн энергиясынын эң маанилүү артыкчылыгы – анын туруктуулугунда. Мындай энергия булагын колдонууда жаратылыш ресурстары чыгымга учурабайт жана энергияны пайдалануунун айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири максималдуу түрдө азаят. Күндүн туруктуу энергиясын адамзатынын керектөөлөрү үчүн электр энергиясына айландыруу бардыгыбыздын өнүгүүбүз үчүн оптималдуу жол болуп саналат. Күндүн энергиясын электр энергиясына айландырып берген күн панелдери жылына 300 күн бою нурду өзүнө алат жана Кыргызстан үчүн мыкты чечим болуп берет.

Doscredobank айлана-чөйрөгө терс таасирлерди азайтуу боюнча демилгени жана экологиялык жоопкерчиликти колдоо менен Банктын Бишкектеги башкы кеңсесин жарыктандыруу, коммуникациялык системаны камсыздоо үчүн заманбап күн панелдерин орнотту. Ресурстарды эффективдүү колдонуу аркылуу жаратылышты коргоо аракеттери биздин мекемеге айрым бир убактарда альтернативдик энергия булагына өтүүгө, ошондой эле кеңсе ишинде энергия сарптоону үнөмдөөгө шарт түздү. Орнотулган күн панелдеринин жардамы менен Doscredobank’тын башкы кеңсесинде кечки, түнкү убактарда кардарларды тейлөө учурунда электр энергиясы дээрлик сарпталбайт. Өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоого багытталган бул жоопкерчиликтүү кадам Банктын стратегиясынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана ал мындан ары да улантылат.