DCB GREEN

ЭЛЕКТРОКУБАТТООЧУ ЖАЙЛАРЫНЫН ТАРМАГЫ

Кыргызстан дүйнөнүн соңку тенденцияларынан четте калбастан, туруктуу өнүгүү жана жаратылышты коргоо өңүтүндө жоопкерчиликтүү иш алып баруунун аракетин көрүүдө. Бул багытта мамлекет да тийиштүү чараларды көргөндүктөн, жыл сайын мекенибиздин автожолдорунда, жалгыз гана электр энергиясы менен кыймылга келген унаалардын саны өсүүдө. Жергебиздеги электроунаалардын айдоочулары, жана ошондой эле толугу менен электр энергиясында жүргөн унааларга ээлик кылууну каалаган жердештерибиз, электроунааларды сапаттуу кубаттоочу жайлардын кеңири тармак болуп кулач жайышына муктаж. Жогорку сапаттагы тез кубаттоочу жайлардын жеткиликтүү саны ири шаарларда гана эмес, ошондой эле тоолуу мекенибиздин негизги жолдорунда да айдоочуларга кызматын көрсөтүп, электроунааларынын жүрүшүн көбүрөөк аралыкка арбытып, узак сапарга ишенимдүү аттанууга мүмкүнчүлүк тартуулайт.   

DCB GREEN долборунун алкагында Doscredobank өлкөбүздө алгачкы тез электрокубаттоочу жабдуусун орнотту. Мындай жабдуу орнотулган жай, тоолуу өлкөбүздүн негизги автожолу өткөн Боом капчыгайынын ичинде, Ак Жол кафесинин жанынан орун алды. Электрокубаттоочу  күнү-түнү иштеп, муктаж болгондордун электроунааларын тез жана акысыз кубаттоо кызматына даяр. Сапаттуу жана тез электрокубаттоочу жабдууларынын кеңири тармагын өнүктүрүүдө алгачкы гана кадам жасалып жана ошону менен бирге Doscredobank бул багыттагы иштерин андан ары өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.