06 Апрель 2026 17:04

“Дос-Кредобанк” ААК операциялык ишке жана кардарлардын тажрыйбасына ESG-ыкмасын киргизет

“Дос-Кредобанк” ААК экологиялык жана социалдык демилгелерди Банктын күнүмдүк ишине интеграциялоо менен, туруктуу өнүгүү принциптерин (ESG) ырааттуу ишке ашырууда.

 

Экологиялык күн тартибинин алкагында Банк айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга жана ресурстарга жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга багытталган практикалык чечимдерди киргизүүдө.

Ишке ашырылып жаткан демилгелердин арасында:

  • банктык карталарды “материалдардын экинчи өмүрү” концепциясынын алкагында кайра колдонуу, бул таштандылардын көлөмүн азайтууга мүмкүндүк берет
  • энергиялык майнаптуу чечимдерди колдонуу, анын ичинде күн батареялары менен иштеген жарык берүүчү приборлорду колдонуу
  • кеңселерди жасалгалоодо табигый жана экологиялык таза материалдарды колдонуу.

Бул демилгелерди ишке ашыруу экологиялык жүктөмдү азайтууга, ресурстарды пайдаланууну оптималдаштырууга, кардарлар менен кызматкерлер үчүн экологиялык таза чөйрөнү түзүүгө багытталган.

 

“Дос-Кредобанктагы” ESG-ыкмасы бир жолку демилге катары эмес, негизги процесстерди жана башкаруу чечимдерин камтыган, Банктын стратегиясынын системдүү элементи катары каралат.

 

“Дос-Кредобанк” ААК коом, кардарлар жана айлана-чөйрө үчүн узак мөөнөттүү баалуулуктарды түзүү менен, туруктуу практикаларды өнүктүрүүнү улантат.

 

www.dcb.kg