07 Июль 2026 15:07

«Дос-Кредобанк» ААКтын VIP-борборунда тарыхый нумизматикалык тыйындар коллекциясы коюлган.

«Дос-Кредобанк» ААКтын VIP-борборунда тарыхый нумизматикалык тыйындардын уникалдуу коллекциясы коюлган, ал Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын бай тарыхый мурасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Экспозиция аймакта акча жүгүртүүнүн, сооданын жана мамлекеттүүлүктүн өнүгүүсүн чагылдырган, ар кандай тарыхый доорлордун тыйындарын бириктирет. Коюлган экспонаттардын арасында - Түргөш каганатынын, Саманиддердин, Караханийлердин, Чагатай улусунун, Монгол империясынын, Тимуриддердин, Кокон хандыгынын жана башка тарыхый мамлекеттердин тыйындары бар.

 

Ар бир экспонат чыгарылган доор, келип чыгышы жана тыйындын тарыхый мааниси тууралуу маалымат менен коштолот, бул келген адамдардын аймактын тарыхы жана маданияты менен терең таанышуусуна түрткү берет.

Коллекциянын автору нумизмат Александр Камышев, ал көп жылдар бою тарыхый мурасты изилдөө жана сактоо менен алектенип келет. Анын изилдөөчүлүк иши жана долбоорлору тууралуу кошумча маалыматты Karahanid расмий сайтынан табууга болот: https://www.karahanid.com/.

 

«Дос-Кредобанк» ААК каалоочуларды Банктын VIP-борборуна келип, ар бир тыйын биздин аймактын көп кылымдык тарыхынын жана маданий мурасынын бир бөлүгү болгон, уникалдуу коллекция менен таанышууга чакырат.

VIP-борбордун дареги: «Victory» ББ, Бишкек ш., Ибраимов көч., 103