01 Октябрь 2026 15:10

Камкордук, көңүл жана коопсуздук: «Дос-Кредобанк» ААК Карылар күнүнө карата иш-чара өткөрдү

1-октябрь, Эл аралык карылар күнү, «Дос-Кредобанк» ААК mfit жана Green Office менен биргеликте пенсия курагындагы Банктын кардарлары үчүн атайын жолугушуу уюштурду.

Иш-чара ден соолукка камкордук, финансылык сабаттуулук жана улуу муундагы аялдарга көңүл буруу сыяктуу бир нече маанилүү багытты бириктирди. Демилге «Дос-Кредобанк» ААКтын ESG-мамилесин жана Банктын финансылык продукттар аркылуу гана эмес, кардарлардын жашоо сапатын жогорулатууга жардам берүүчу долбоорлор аркылуу социалдык баалуулукту түзүү аракетин чагылдырат.

Жолугушуу mfit студиясынан ден соолукту чыңдоочу дене көнүгүүлөрү менен башталды. Андан ары «Дос-Кредобанк» ААКтын финансылык сабаттуулукка жана алдамчылыктан коргоого багытталган таанытымы менен улантылды. Катышуучуларга кеңири таралган алдоо схемаларын кантип таанып-билүүнү, жеке маалыматтарды коргоону жана финансылык кызматтарды коопсуз пайдаланууну айтып беришти.

Жолугушуу  Green Office тарабынан катышуучуларга гүлдесте тартуулоо менен, жылуу маанайда аяктады.

«Дос-Кредобанк» ААК үчүн мындай демилгелер – бул өз кардарларына жакын болуу, финансылык инклюзивдүүлүктү колдоо жана камкордук, коопсуздук жана улуу муунду урматтоо маданиятын калыптандыруу мүмкүнчүлүгү.