2026-жылдын 23-майында "Адинай" жана "Ынтымак" парктарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Респуликасынын «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруунун алкагында спорттук иш-чара уюштурулду.
Иш-чара командалык демди бекемдөө, сергек жашоо образын колдоо жана корпоративдик маданиятты өнүктүрүү үчүн аянтча болуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана коммерциялык банктардын кызматкерлерин бириктирди.
"Дос-Кредобанк" ААКтын 40ка жакын кызматкери спортук иш-чарага катышып, биримдик, жигердүүлүк жана жаңы жетишкендиктерге умтулуу атмосферасын колдоого алышты.
Мындай иш-чараларга катышуу командалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө көмөктөшөт жана спорттун, сергек жана активдүү жашоо образынын маанилүүлүгүн баса белгилейт.
"Дос-Кредобанк" ААК иш-чараны уюштурганы жана позитивдүү спорттук атмосфера жаратканы үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирет.
https://www.instagram.com/reel/DYwaHYmt8F8/?igsh=MWFqbnJtaGJ4ZXVyMg==