MoneyGram

Дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө

Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр

Валютасы

АКШ доллары

Акчаны берүү

Накталай төлөө

MoneyGram – шашылыш акча которуулардын эл аралык системасы, ал акча каражаттарын дүйнө жүзү боюнча тез жана ишенимдүү жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. MoneyGramдын кызматтары дүйнөнүн 200 өлкөсүндө 345 миӊден ашык тейлөө пункттарында сунушталат. Ар кайсы өлкөлөрдө MoneyGram коммерциялык жана мамлекеттик банктар менен, улуттук почта кызматтары, тармактык супермаркеттер, чекене дүкөндөр жана тармактар, туристтик бюролор ж.б. менен кызматташтык жүргүзөт.

Акча которууларды дүйнөнүн MoneyGram бар каалаган өлкөсүндө, системанын каалаган бөлүмүндө жөнөтүүгө же алууга болот.

Акча которуунун алуу жана жөнөтүү жолдору

Dos Credobankтын Сиз үчүн ыӊгайлуу пунктуна ал иштеген сааттарда өздүктү тастыктаган документ менен келиӊиз

Банктын адисине которуу багытталган өлкөнү жана шаарды, алуучунун аты-жөнүн жана жөнөтүлүүчү сумманы айтыӊыз

Которууну жөнөтүүгө арызга кол коюӊуз, которуунун суммасын жана жөнөтүү үчүн комиссияны бөлүмдүн кассасына төлөӊүз

Банктын адисинен которуунун кодун алыӊыз да, аны алуучуга билдириӊиз