АМАНАТ

Дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө

Кыргыз Республикасы

Валютасы

Сом, Рубль, АКШ доллары, Евро, Тенге

Акчаны берүү

Накталай төлөө

«Дос-Кредобанк» Сизге акча которуулардын жаӊы «Аманат» системасын кубаныч менен сунуштайт, ал Сиздин акчаларыӊызды 75 сомдон башталган минималдуу комиссия менен которууга жана алууга мүмкүндүк берет. «Аманат» акча которуулар системасы Банктын корпоративдик, интеллектуалдык менчиги болуп саналат жана «Дос-Кредобанк» ААКынын ичинде гана Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча иштейт.

Акча которуунун алуу жана жөнөтүү жолдору

Dos Credobankтын Сиз үчүн ыӊгайлуу пунктуна ал иштеген сааттарда өздүктү тастыктаган документ менен келиӊиз

Банктын адисине которуу багытталган өлкөнү жана шаарды, алуучунун аты-жөнүн жана жөнөтүлүүчү сумманы айтыӊыз

Которууну жөнөтүүгө арызга кол коюӊуз, которуунун суммасын жана жөнөтүү үчүн комиссияны бөлүмдүн кассасына төлөӊүз

Банктын адисинен которуунун кодун алыӊыз да, аны алуучуга билдириӊиз