SWIFT

Дүйнө жузү боюнча

Дүйнөнүн дээрлик каалаган өлкөсүнө акча которууларды жөнөтүү.

Валюталар

АКШ доллары, Евро, Рубль, Тенге

Каражаттарды алуу

Чет өлкө банкындагы алуучунун банктык эсебине чегерүү.

Акция боюнча кэшбек

2026-жылдын 31-декабрына чейин АКШ доллары менен SWIFT-которуунун суммасынан 0,1% кэшбек алыңыз.

Ишенимдүүлүк

Которуулар коопсуздук деңгээли жогору болгон SWIFT эл аралык системасы аркылуу ишке ашырылат.

SWIFT — дүйнөнүн дээрлик каалаган өлкөсүнө акча каражаттарын коопсуз жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген, эл аралык банктык которуулар системасы.

Doscredobank’та сиз АКШ доллары, евро, орус рубли жана казак тенгеси менен которууну жөнөтө аласыз. Которуулар жеке жана юридикалык жактарга жеткиликтүү жана Банктын каалаган филиалында же аманат кассасында таризделет.

🎉 Акция

2026-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин АКШ доллары менен SWIFT-которууну жөнөтүүдө сиз которуу суммасынан 0,1% өлчөмүндө кэшбек аласыз, бул 50%га чейин комиссияны кайтарып алууга мүмкүндүк берет.

Акция SWIFT-которуулардын бардык багыттары боюнча өтөт.

Эң көп талап кылынган багыттар:

  • Кытай 

  • Түркия

  • Грузия 

Мисалы, 50 000 АКШ долларын которууда сиз 50 АКШ доллары кэшбек аласыз.

Акча которуунун алуу жана жөнөтүү жолдору

Каалаган Doscredobank филиалына же аманат кассасына барыңыз.

Кызматкерге алуучунун реквизиттерин көрсөтүңүз: аты-жөнү же компаниянын атылышы, эсеп номери (зарыл болгондо IBAN), алуучу банктын SWIFT/BIC коду, банктын аталышы жана дареги.

Өздүгүн күбөлөндүрүүчү документи көрсөтүңүз, керектүү документтерге кол коюңуз жана Банктын комиссиясын эске алуу менен которуу суммасын салыңыз.

Тарифтер

Эл аралык SWIFT-которуулар үчүн комиссия
  • Которуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

  • Которууну тариздөө үчүн өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүү керек.

  • Банк эгерде бул мыйзамдардын талаптарында же Банктын ички жол-жоболорунда каралса, которуунун максатын тастыктаган документтерди сурап алганга укуктуу.

  • Каражаттарды чегерүү мөөнөтү алуучу банктан жана баруучу өлкөдөн көз каранды болот.