Абанын булганышы өзгөчө шаар калкы үчүн олуттуу көйгөй болуп саналат. Азыркы учурда бул көйгөйдү чечүүчүнүн эффективдүү стратегиясы жок. Адамдарды жана планетаны абанын булганышынын терс таасирлеринен сактоо анын сапаты боюнча так жана ишенимдүү маалыматтарды алуудан башталат. Жарандарын таза аба менен камсыздоо аркылуу туруктуу өнүгүүгө жоопкерчиликтүү мамиле жасаган өлкөлөрдө абанын сапатына мониторинг жүргүзгөн көптөгөн жеткиликтүү системалар иштейт. Бул реалдуу убакыт режиминде абанын сапаты жөнүндө так маалыматтарды алып коомдук мониторингдин максаттарына жетүүгө салым кошуу үчүн жүргүзүлөт. Мындай чаралар баарынан мурда жарандык жоопкерчиликтин маанилүү кадамдары. Ал коомдун ишенимин бекемдеп, агартуучулук жана билим берүү демилгелерин кеңейтүүгө катышуусун жандандырууга жардам берет.
Doscredobank MoveGreen https://movegreen.kg уюмунун реалдуу убакыт режиминде абага жарандык мониторинг жүргүзүү датчиктер түйүнүн жайгаштыруу боюнча экологиялык долбооруна катышат. Станциялар өткөргүчсүз байланышты колдонуу менен жалпыга жеткиликтүү https://aq.kg сайтында реалдуу убакыт режиминде абанын сапаты боюнча маалыматтарды берип турушат. https://waqi.info - Дүйнөлүк Абанын Сапаты Индекси вебсайтынан Doscredobank’тын кеңселерине орнотулган датчиктер аркылуу планетанын каалаган жеринен абанын сапаты боюнча так маалыматтарды алып турса болот.
Doscredobank менен MoveGreen экологиялык уюмунун кызматташтыгынын жыйынтыгында бул маселеге кайдыгер карабаган адамдар Doscredobank’тын өлкөдөгү кеңселерине орнотулган датчиктер аркылуу өзүнө ыңгайлуу каалаган учурда абанын сапатына көз салып турса болот. Ошондой эле анын жардамында экологиялык кызматтар зыяндуу заттар боюнча ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Абанын сапаты боюнча маалымат 3-5 параметрде көрсөтүлөт, ал катуу микробөлүкчөлөрдү жана суюктуктун майда тамчыларын камтыган абаны булгоочу РМ1, РМ10 жана РМ2.5 – дем алуу жолдорун жана суспензия бөлүкчөлөрүн тосуучу ачуу жыты бар сары-күрөң газ түрүндө.