Кыргызстан, Бишкек, 2022-жылдын 23-ноябрында – Борбор Азиядагы GIP’тин Аймактык кеңсеси, АЭКБ Жашыл каржылар борбору, GFC Бишкек жана Doscredobank болуп, бардыгы биргеликте Кыргызстанда жашыл инвестициялардын алгачкы форумун өткөрүштү.
Форумда климаттык кризис жана анын кесепеттерин жоюу, туруктуу каржылоо үчүн стандарттар, жашыл банкинг, туруктуу өнүктүрүүнүн инструменттери жана ESG-принциптерге өтүүнүн маанилүүлүгү боюнча маселелерди талкуулашты. Форумду Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын Реформаларды анализдөө жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов ачты.
“Жашыл каржылоо жана жашыл инвестициялар Кыргызстандагы жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн негизги багыттардын бири болуп саналат. Бул багыт бизнесмендер жана финансисттерге кандай пайда алып келсе, курчап турган чөйрөгө, дегеле жалпы жарандарга да ошондой эле пайдалуу болуп эсептелет. Жашыл энергетика ар дайым көңүл борборунда болуусу шарт. Бирок биз өзүбүз үчүн чоң мааниге ээ болгон башка багыттарга да көңүл бурушубуз керек. Бул деген эң биринчиден агротокой чарбачылыгын жана бак-дарак өстүрүү тармагын өнүктүрүү”,- деп белгиледи ал.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов:
“Учурдагы заманбап экономикалык системада социалдык-экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл бурулууда. Жаңы чечимдерди кабыл алуу туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууну эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. Форумдун бардык катышуучуларына жемиштүү талкууларды каалайт элем”.
Форумга КЭРдин КРдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты:
“Кыргызстан “Бир алкак – Бир жолду” курууга активдүү катышкан эң алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Акыркы 9 жыл аралыгында Кытай менен Кыргызстан демилгенин алкагында Кыргыз Республикасында маанилүү долбоорлорду ишке ашырып, активдүү кызматташып келишет. “Бир алкак -Бир жолду” биргеликте курууда Кытай тарап жашыл өнүктүрүүнүн жана экологиянын концепцияларын бекем карманат”,- деди ал.
Мындан соң Казакстан Республикасынын КРдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев учурашуу иретинде сөз алды:
“Кыргызстан өз мезгилинде, биздин жакын кошуна өлкө катары ишенчиликтүү стратегиялык өнөктөшүбүз болуп саналат. Казакстан Кыргызстан менен жашыл жана туруктуу өнүктүрүү багытында эки тарапка тең бирдей пайдалуу болгон кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрө берүүгө даяр”,- деди Рапил Жошыбаев.
“Биз кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстанда ири көлөмдөгү иштерди аткарып жетиштик. Жылдын аягына чейин Doscredobank менен биргеликте жашыл облигацияларды чыгаруу планыбызда бар. Жашыл облигацияларды сатып алуу менен сиздер Кыргызстандагы жашыл багытты алдыга жылдыруучу бул сумманы банкка ишенип тапшырып жаткандыгыңыздарды түшүнүү керек. Бул багытта мен өнөр жай мекемелери жана тиешелүү тармакта иш алып барган компаниялар тараптан түшүнүү менен кабыл алгандарды кезиктирдим”,- деди Жашыл каржы Борборунун директору Айдар Казыбаев.
Doscredobank бизнес стратегиялардын деңгээлинде курчап турган чөйрөгө келтирилген терс таасирлерди төмөндөтүүнүн үстүнөн активдүү иш алып барат жана DCB Green долбоор платформасын ишке ашыруу менен экологияга конкреттүү пайда алып келген долбоорлорду колдойт.
“Жаратылыш ресурстарын сактоо, энергиянын ашыкча сарпталуусун төмөндөтүү жана “жашыл” экономиканы калыпка салуу - DCB Green долбоорунун алкагындагы экологиялык багыттардын эң маанилүүлөрүнүн бири болуп саналат. Биз калдыктардын көлөмүн кыскартабыз, ресурстарды пайдаланабыз жана экологиялык багыттагы башка көптөгөн маселелерге абдан чоң маани беребиз. Мындан тышкары банк атмосферага зыяндуу заттардын таралышын төмөндөтүү жана ишканалардагы жабдуулардын абалын модернизациялоого багытталган долбоорлорду каржылайт.Бул форум «DCB Green» долбоорунун өнүгүүсүнө пайдалуу багыт болот деп айта алабыз жана биз Кыргызстанга мындан да жашыл жана экологиялык шарттарды түзгөн кызыктуу жаңы долбоорлорду киргизе аларыбызга көзүм жетет”,- деди Doscredobank Башкармалыгынын төрайымы Чолпон Эшбердиева.
Форумга Президенттин Аппаратынан, Улуттук Банктан, Кытай Эл Республикасынын Посолу, Казакстан Республикасынын Посолу, КРнын Банктар бирикмесинен, ошондой эле эл аралык уюмдардан, мамлекеттик мекемелерден, коммерциялык банктар жана билим берүү тармагынан келген өкүлдөр болуп, жалпысынан 150дөн ашуун адам катышты. Иш чара АЭКБ Жашыл каржылар борбору тарабынан уюштурулган “ESG-инвестициялардын негиздери” аталышындагы тренинг менен аяктады.
_
DOSCREDOBANK - “Алкак жана Жол” демилгесинин алкагында Green Investment Principles Жашыл Инвестиция принциптерине кол койгон Борбор Азиядагы алгачкы банк.
“Алкак жана Жол” демилгесинин алкагындагы Жашыл Инвестициялар Принциптери - Green Investment Principles - “Алкак жана Жол”демилгесинин экинчи форумунда, 2019-жылдын 25-апрелинде Пекин шаарында жарыяланган. Документ экономиканын ар кандай секторлорунда иш алып барган, эл аралык беделдүү уюмдар менен кызматташуучу Кытайдын жана Лондон Ситинин жашыл каржы боюнча Комитети тарабынан иштелип чыккан. Документтин негизи болуп, кол койгон тараптарды туруктуу корпоративдик башкаруу менен камсыздоого чакыруучу, экологиялык тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн конкреттүү чараларды сунуштоочу, ошондой эле эң заманбап каржылык жашыл инструменттерди колдонууга көмөктөшүүчү жети башкаруу принциби болуп саналат.
DOSCREDOBANK’тын Жашыл Инвестиция Принциптерине кол коюусу Борбордук Азиядагы “Алкактар жана Жолдор” үчүн GIP Аймактык кеңсеси статусу бар АЭКБ (Астана эл аралык каржы борбору) Жашыл каржы борборунун буга чейин болуп көрбөгөн колдоосу менен ишке ашты. АЭКБ Жашыл Каржы Борборунун командасы потенциалдуу эмитенттерге, инвесторлорго жана жашыл облигацияларды чыгарууга даярдоо боюнча баалуу кагаздар рыногунун фигураларына колдоо көрсөтүү жана операциялык ишмердүүлүккө ESG-принциптерди киргизүү тармагынын потенциалын жогорулатууга активдүү колдоо көрсөтөт.
Кол коюу статусу DOSCREDOBANK үчүн аймактарга “Бир алкак, Бир жол” жашыл долбоорлоруна жетки, потенциалды өстүрүү боюнча иш чараларга (тренингдер, семинарлар), ошондой эле Принциптерди ишке ашыруучу инструменттерге жана тематикалык изилдөөлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Муну менен катар, Банк бизнес-стратегияга жана корпоративдик пландоого Принциптерди киргизүүнүн айкындуулугун камсыздап берүүсү күтүлүүдө.
Принциптерге кошулган глобалдык каржы мекемелеринин саны өсүүдө жана дүйнөнүн 14 өлкө, аймактарынан 12 өнөктөш, 45 кол коючулар менен катар, Кытай өнүктүрүү банкы, Кытайдын Экспорт-импорт банкы, Кытайдын өнөр жай жана коммерциялык банкы, Кытайдын Айыл-чарба банкы жана Жибек жолу Фонду сыяктуу Кытайдагы ири мекемелер, ошондой эле төмөнкү эл аралык уюмдар да кол коюшкан: Crédit Agricole, Standard Chartered банкы, Swiss RE, АЭКБ Биржасы, Transport and Development Bank of Mongolia (TransBank) Банкы, Франция тышкы соода банкы, Al Hilal Банкы, Гонконг фонддук биржасы жана Natixis Банкы.