15 Август 2025 17:08

Кардарлар үчүн билдирүү

Урматтуу кардарлар!

Кайрылуулардын натыйжасында айрым колдонуучулардын эсебине өнөктөштүк жеткирип берүү кызматтарына (Glovo, Яндекс ж.б.) төлөөгө байланыштуу жаңылыш акча чегерилгенин аныктадык.

«Дос-Кредобанк» ААК жана Simbank колдонмосу тарабында каталар аныкталбаганын маалымдайбыз. Бул каражаттарды убактылуу чегерүүнүн себеби аталган жеткирип берүү кызматтарын тейлеген өнөктөштүк процессинг сервисинин ишине байланыштуу болгон.

Азыркы убакта өнөктөштөр баланстарды жөнгө салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатышат. Көрсөтүлгөн суммалар эсептен алынат, ошондуктан аларды акчага айландырбоону жана чыгыштоо операцияларында пайдаланбоону өтүнөбүз.

Иш аяктап, кырдаал жөнгө салынганда сиздерге кошумча маалымдайбыз.

Түшүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз!