25 Апрель 2022 18:04

«Tazar» коомдук кыймылы менен меморандумга кол коюу

Doscredobank таштанды, калдыктарга экологиялык туура мамиле жасоонун негизги иш-аракеттерин пайдалануу менен “Жашыл кеңсе” принциптерин жайылтууну улантууда. Буга байланыштуу бүгүн Tazar Коомдук кыймылы менен меморандумга кол коюлду. 
Tazar компаниясынын миссиясы – Кыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүгө берүүнү системага салуу менен таштанды таштоочу жайга жеткен калдыктын көлөмүн азайтуу. Бул үчүн компания калдыктарды кайра иштетүү үчүн сорттоону жайылтып, ресурстарга аяр мамиле жасоону пропагандалаган экинчи ирет даярдалчу сырьену сатуу координаторлору менен биргеликте Tazar мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. 
Тиркеме Бишкек шаарынын картасынан калдык заттарды утилизациялоого жайларды издөө, желим жана айнек бөтөлкөлөрдү, алюминий банкаларды, полиэтилен баштыктарды кайда, кимге тапшыруу керек экендигин издейт. Муну менен тиркеме таштандыны кайра иштетип, пайдалуу иш жасап жаткан уюмдардын ишине колдоо көрсөтөт жана айлана чөйрөгө зыян аз болушу үчүн ресурстарды кайталап кантип колдонсо болот экендигин үйрөтөт. 
Мындан тышкары, DCB Green программасынын алкагында Doscredobank’тын башкы кеңсесинде калдыктарды эффективдүү бөлүштүрүү жана колдонуу боюнча Tazar’дын кызматкерлери тарабынан тренинг өткөрүлдү. 
Бизге берген маалыматтар үчүн  Tazar’га ыраазычылык билдиребиз!