25 Июль 2022 09:07

DOSCREDOBANK кардарлар Банк менен сапаттуу жана ыкчам байланышуусу үчүн WhatsApp Business API расмий каналы ачылгандыгын маалымдайт.

DOSCREDOBANK кардарлар Банк менен сапаттуу жана ыкчам байланышуусу үчүн WhatsApp Business API расмий каналы ачылгандыгын маалымдайт.

"Дос-Кредобанк" ААКу байланышуунун сапатын жана кардарларды тейлөө убактысынын ылдамдыгын жакшыртуу максатында +996225008686 номеринде WhatsApp Business API расмий каналын ишке киргизгендигин кабарлайбыз. Кайрылуулардын саны көбөйүп жаткандыгынан улам, биз WhatsApp Business API каналан ишке киргизүүнү чечтик. Кыска мөөнөттүн ичинде бизнес-каналды интеграциялоону ишке ашыра алдык.

Биз үчүн кардарларыбыз Банк менен жана Кардарларды колдоо департаментинин Call-борборунун адистери менен байланышып жатканда өзүн эң жогорку ыңгайлуулукта сезүүсү өтө маанилүү.

 Кардарларды колдоо департаментинин жетекчиси Ришат Касимов билдиргендей, мессенжер аркылуу сall-борбордун адистери кардарларга Банктын ар кандай кызматтары жана тарифтери боюнча, анын ичинде жалпы эле суроолор боюнча кеңеш беришет. Мессенжердин жардамы менен жакынкы бөлүмдөрдүн жайгашкан жери, иштөө мөөнөтү, төлөм жүргүзүү терминалдары же достук түйүнүнүн банкоматтары жана башка көптөгөн суроолорго жооп алса болот. Кардарларыбызга тейлөөнүн жогорку класстагы деңгээлин көрсөтүү үчүн жана биздин сервистердин каалаганынан ыкчам колдоно алуусу үчүн биз тараптан бардык аракеттер көрүлөт. Ошондой эле, бизнес-канал жеке маалыматтардын корголушун камсыздоого да мүмкүнчүлүк берет.

 "Дос-Кредобанк" ААКу кардарлардын сall-борборго кайрылуусу кандай көнүмүш болсо, +996225008686  WhatsApp Business API каналына кайрылуу дагы ошондой көнүмүш нерсеге айланат деп ишенет. Банк бул нерсе кардарлардын алган жоопторуна канааттануу деңгээлин жогорулатат деген үмүттө.