25 Май 2022 14:05

Жашыл Климат Фондунун консультантынын Доскредобанкка иш сапары

2022-жылдын 24-25-май күндөрү Башкы кеңседе  DCB Green программасы тарабынан ишке ашырылуучу, "Дос-Кредобанк" ААКуна Техникалык жактан жардам көрсөтүү боюнча Жашыл Климаттык Фонду (GCF) долбоорун жүзөгө ашыруу ишинин алкагында ЖКФнун кеңешчиси Dr. D.Annandale менен жолугушуу орун алат. 
Иш жыйынынын жүрүшүндө тийиштүү программалар иштелип чыкты, долбоорду ишке ашыруу үчүн кезектеги иш планы түзүлдү, өлкөнүн каржы сектору жана кызыкдар тараптар үчүн бул демилгени натыйжалуу ишке ашыруунун чендери аныкталды. 
ЖКФ кеңешчиси Dr. D.Annandale иш сапары менен келүүсүнүн жүрүшүндө Дос-Кредобанктын командасы, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жетекчилиги, КРнын Улуттук Банкынын жетекчилиги жана башка кызыкдар болгон мамлекеттик органдар, ошондой эле жеке секторлордун өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. 

Маалымат үчүн: Жашыл Климаттык Фонду (GCF) өз ишмердүүлүгүн коомдоштукту туруктуу өнүктүрүүнүн негиздерин натыйжалуу жайылтууга багыттаган, климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүгө жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн ири глобалдык фонд. 
Жашыл Климаттык Фонду (GCF) климаттык өзгөрүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоого жана зыяндуу заттарды азайтууга багытталган,  салым кошуунун улуттук деңгээлдеги дымагын (СКУДД) ишке ашырууну жана жогорулатууну көздөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоого укугу бар дүйнөдөгү ири климаттык фонд болуп саналат. 

Банктын DCB Green программасы экологиялык таза технологияны Кыргызстандын ар кайсы аймактарында ишке киргизүүгө багытталган. Акыркы бир нече жылдар аралыгында Банк жеңилдетүү менен каржылоо тармагы аркылуу экологиялык транспортту "жашыл" курулуш жана энерго-натыйжалуу имараттарды, органикалык айыл чарбаны, айлана-чөйрөнү коргоого көрүнүктүү салым кошкон био ар түрдүүлүктү сактоо, бийик социалдык стандарттарды сактоо жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү колдогон долбоорлорду байма-бай киргизип келет.