03 Август 2022 15:08

Doscredobank жана Navi Taxi'нин биргелешкен долбоору Кыргызстандын экологиясын жана экономикасын жакшыртуу үчүн

Doscredobank «DCB Green» ички долбоорунун алкагында 20 жаңы электромобилди сатып алууну камсыздап, «Navi» ата-мекендик такси кызматына электромобилдерди шартына жараша акчасын төлөп алуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берди.

Эми Navi Taxi  кызматынын айдоочулары электромобилдерди баштапкы төлөмсүз 3 жылга бөлүп төлөө шарты менен ала алышат жана дароо эле иштеп баштап, ай сайын каражатты бөлүп төлөп турат.

Doscredobank жана Navi Taxi'нин биргелешкен долбоору айдоочуларга жаңы жумуш орундарын гана түзүп бербестен, өлкөнүн экологиясынын жакшырышына да мүмкүнчүлүк түзөт.

Doscredobank компаниясы ушул тапта электромобилдерди минималдуу 30-40 мүнөт ичинде кубаттаган заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырып жатат.

Doscredobank'тын «DCB Green» долбоорунун алкагында электромобилдерди өлкөнүн бардык аймактарынан ала аласыз, ошондой эле үйлөрдү газификациялоо кызматтарын ыңгайлуу шартта бөлүп төлөөгө жазып-каттатса болот.

Биз жашоону экологиялык кылуунун үстүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселесине өзгөчө аяр мамиле жасайбыз. Ошондуктан минималдуу чыгымдар менен экологиялык буюмдарды киргизүүгө жардам берген программаларды иштеп чыгууга толугу менен бел байладык.

Экологиялык келечек биздин колдо, Doscredobank менен биргеликте электромобилдерге өт.