16 Апрель 2022 11:04

"Доскредобанктын" кызматкерлери Эркиндик (Дзержинский) бульварына көчөт отургузушту

Жаздын бүгүнкүдөй керемет күнү табияттын адамзатына болгон сүйүүсүн жана камкордугун ого бетер сездирет. Күн нуру бизди жылытса, сыдырым жел жумшак сылап адамга дем берет. Күнүмдүк тиричилик менен кымкуут алышып жүрүп, жаратылыш бизге тартуулаган керемет учурларды байкабай деле калабыз.

Бүгүн Эркиндик бульварында Банктын 25 жылдыгына карата 25 түп эмен дарагынын көчөттөрү отургузулду. Бул иш-чара шаарыбыздын экосистемасын жакшыртууга кошкон салым.

"Берекет", Борбордук филиал жана Башкы кеңседен келип бул иш-чарага катышкан кесиптештерибизге ыраазычылык билдиребиз!

Баарыбыз биргеликте өлкөнүн жаңы, экологиялык таза келечегин кура алабыз

Бишкек шаарынын мэриясы жана "Зеленхоз" МИге бак-дарактарды отургузууга мүмкүнчүлүк түзүп, аларды отургузууга түз жардам көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз!

Жаратылышка кам көрүү - бул жаңы нерсенин жаралуусуна жардам берүү жана табият өзү жараткан нерсени коргоого алуу. Өлкөбүздүн экологиялык таза келечеги биздин колубузда. Андыктан, келгиле, жаратылышка чогуу кам көрөлү!

Өзүңүздү жана жаратылышты аярлаңыз, сиздерге кам көрүү менен Doscredobank

Чалуу борбору 8686

+996 312 986631