08 Декабрь 2022 16:12

Экологияны сактоого жардам берген жөнөкөй адаттар

 

Экологияны сактоого жардам берген жөнөкөй адаттар

Экологиялык бардык көйгөйлөрдүн себеби – адамдардын туура эмес жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турумунан улам келип чыгат.

Ошондуктан көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүнүн башаты адамзатынын жаратылышка карата жасаган мамилесин өзгөртүүдө жатат. Бүгүнкү күндө бир катар өлкөлөрдө калкты экологиялаштыруу тенденциясы жүрүп жатканын байкоого болот. Тактап айтканда, Адамдар өздөрүнүн адаттарын жана оюн айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоого карата өзгөртүүдө.

Биз экологиялык көйгөйлөргө жаңыча көз караш менен карап, алардын чечилишине чын ыкласы менен кызыкдар болгондор үчүн бир нече кеңештерди даярдадык.

Энергияны үнөмдөңүз

Энергия – бул биздин жашообуздун ажырагыс бир бөлүгүнө айланды, ансыз заманбап жабдыктарды, гаджеттерди элестетүү мүмкүн эмес. Бирок, эгерде энергияны үнөмдөгөн жана энергоэффективдүү приборлорду колдонсок, анда бул аракеттер электр энергиясына болгон керектөөнү бир топко азайтып, айлана-чөйрөнүн булганышы да азаймак.

DCB GREEN программасынын алкагында ыңгайлуу шартта насыя алып же бөлүп төлөө жолу менен экологиялык таза каражаттардан үй курууга, энергоэффективдүү жабдыктарды орнотууга, газдаштыруу кызматын пайдаланууга, туристтик объектилерге энергоэффективдүү жабдыктарды орнотууга болот!

Сууну аяңыз

Суу – бул өмүр булагы жана өзгөчө мамилени талап кылат. Мүмкүн болушунча сууну үнөмдөңүз жана күнүмдүк чыгындылар менен сууну булгабаңыз. Балдарга суу чыккан түтүктөрдүн бурагычын бекиткенди үйрөтүп, өсүмдүктөрдү сугарууда жамгырдын суусун алууга аракет жасаңыз. Эгерде каналдын, суунун боюнда жашасаңыз ага таштандыларды ыргытпаңыз.

Таштандыны туш келди ыргытпаңыз

Таштандылар – бул айыл жергесинде болобу, шаарда болобу айлана-чөйрөнүн булганышынын башкы себеби. Күн сайын өнөр-жайлардан, күнүмдүк турмуш-тиричиликтен чоң көлөмдөгү таштанды чыгат. Ар дайым таштандыны атайын урналарга же таштанды төгүлчү жайга алып барып төккөнгө көнүңүз, балдарды да буга үйрөтүңүз. Ар бир адам таштандыны туура ыргытканды үйрөнсө, жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле жасаса анда бул жааттагы көйгөйдүн азайгандыгы дароо байкалат.

Doscredobank’тын кеңсесинде таштандыны ылгап салчу атайын бокс орнотулган, макулатура үчүн эко-бокс жана иштетилген кагаздар үчүн өзүнчө контейнерлер бар.

Желим колдонуудан баш тартыңыз

Жаратылышты булгаган буюмдардын сап башында – желим бөтөлкөлөр жана түрдүү полиэтилен буюм, баштыктар турат. Баарыбызга белгилүү болгондой эле, желим буюмдар чирип жок болуп кетпейт, ал эми аны өрттөгөндө абаны булгаган уулуу заттар чыгат. Ошондуктан максаттуу түрдө жогоруда айтылган буюмдарды колдонуудан баш тартып, анын ордуна кездемеден тигилген көпкө колдонуучу баштыктарга, бөтөлкөнүн башка түрлөрүнө, суу үчүн термосторго өтүү туура. Көптөгөн өлкөлөрдө жашоочулар кагаз жана башка метариалдардан даярдалган баштыктарды колдонуп жатышат.

Жергиликтүү өндүрүштү колдоңуз

Супермаркеттин текчелерине жеткенге чейин андагы товарлар канча деген эмгектен өттү.

Товар ташыган жүк ташуучу унаалардан, кеме жана учактардан абага бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газын азайтуу үчүн жергиликтүү продукцияларды көбүрөөк сатып алыңыз. Муну менен сиз бир тарабынан биздин дыйкандарга колдоо көрсөтө аласыз.

Doscredobank ишкерлерди колдоп, азембелектердин бир бөлүгүн алууда мекенибиздеги өндүрүшчүлөргө буюртма берет

Эко-азыктарды тандаңыз

Дүкөндөрдөн товар сатып аларда ага жакшылап көз жүгүртсөңүз көпчүлүк таңгактан “эко” деген белгини көрөсүз. Бул продукциянын экологиялык жол менен даярдалгандыгынын жана өндүрүшчүнүн жаратылышка болгон мамилесинин белгиси.

Бул белги товарды өндүрүүдө жалаң табигый продукттар колдонулганынан же таңгак кайра иштетилген каражаттан жасалганынан же болбосо ал материал биологиялык жол менен жок болорунан кабар берет. Эко-продукцияларды тандоо менен сиз эко-продукт өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүп, жаратылыштын сакталышына салымыңызды кошосуз.

Электромобилдерде, электросамокатта, велосипедде жүрүүгө өтүңүз

Буга чейин баарыбызга белгилүү болгондой эле, абанын булганышынын башкы себеби катары транспорттордон чыккан түрдүү түтүндөр эсептелинет. Электромобиль, электросамокат, велосипед же коомдук транспортто жүрүү менен абанын таза болушуна чоң салым кошо аласыз.

Doscredobank транспорттун экологиялык таза түрлөрүн насыяга алууну же бөлүп төлөө жолу менен алууну сунуштайт:

электромобилдер, электросамокаттар, велосипеддер жана башкалар.

Азыраак буюм сатып алууга аракеттениңиз

Дүкөн кыдырып, ар кандай буюмдарды сатып алуу адаты да айлана-чөйрө үчүн терс кесепеттерди жаратат. Керексиз буюмдар кийин таштандыга ыргытылат, алардын арасында бут кийим, косметика көп, бул буюмдарды кайра иштетүү оор. Ошондуктан жаңы буюм сатып алууда өзүңүзгө бул мага чын эле керекпи деген суроону бериңиз. Такыр эле гардеробду жаңылоодон баш тарта албай жатсаңыз эски кийимдерди “секонд хенд” дүкөндөрүнө өткөрүңүз же буюмдарды кайра колдонуу үчүн топтогон пункттарга, кайра иштетүүчүлөргө өткөрүңүз.

Doscredobank – келиңиздер, жаратылышка чогуу кам көрөбүз!