21 Апрель 2026 10:04

«Дос-Кредобанк» ААК - Customer Choice Index 2026 версиясы боюнча Кыргызстандын банк секторунун лидерлеринин катарында

Дос-Кредобанк» ААК кардарлар тажрыйбасынын сапаты боюнча Кыргызстандын алдыңкы банктарынын катарына кирди жана Customer Choice Index 2026 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыктары боюнча "Эң ыңгайлуу чөйрө жана навигация" номинациясында сыйлык алды.


Жыйынтыктардын бетачары Бишкектеги Sheraton мейманканасында банк секторунун, Кыргызстандын Банктар биримдигинин жана Көз карандысыз директорлор палатасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. 


Customer Choice Index — Interise Group эл аралык консалтинг компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн, кардарлардын тажрыйбасы жаатындагы абройлуу изилдөөлөрдүн бири. Баалоо “жашыруун сатып алуучу” методологиясына негизделген жана банктардын бөлүмдөрүн да, санарип өз ара аракеттенүү каналдарын да камтыйт.


Изилдөөнүн алкагында:

  • банктардын бөлүмдөрүнө 180 сапар жасалды
  • Кыргызстандын 20 банкынын 60 кеңсеси талдоого алынды
  • сайттарды, байланыш-борборлорун жана чаттарды кошо алганда 76 онлайн-канал бааланды

Комплекстүү баалоонун жыйынтыктары боюнча өлкөнүн сегиз банкы кардарлар тажрыйбасынын ар кандай категорияларында лидерлер деп таанылышты.


«Дос-Кредобанк» ААК өлкөнүн банк системасында ыңгайлуу навигацияны, жогорку деңгээлде тейлөөнү жана заманбап тейлөө форматын камсыз кылган, эң ыңгайлуу жана дыкат ойлонулган кардарлар мейкиндигин жаратканы үчүн сыйлыкка татыды.


Бул сыйлык Банктын кардарлардын тажрыйбасын өнүктүрүүгө, бөлүмдөрдүн инфраструктурасын өркүндөтүүгө жана тейлөө жаатында мыкты эл аралык тажрыйбаларды киргизүүгө стратегиялык басым жасаганын чагылдырат. 


Атаандаштык өсүп, рынокту санариптештирүү күчөп турган шартта «Дос-Кредобанк» ААК Кыргызстандын банк секторунда тейлөө сапатынын жаңы стандарттарын калыптандырып, ишенимдүү жана технологиялык жактан мыкты финансылык өнөктөш позициясын бекемдөөнү улантат.

Кеңири маалымат алуу үчүн: https://banks.kg/news/eight-banks-kyrgyzstan-customer-choice-index-2026