2026-жылдын 30-мартында саат 14:00дө төмөнкү даректе: Бишкек ш., Чүй пр., 92 кезектеги Акционерлердин жалпы чогулушу өттү.
Катышуучуларды каттоонун жыйынтыгы боюнча чогулуштун кворуму 84,2290 %ды түздү.
Добуш берүүгө коюлган маселелер:
1. Эсеп комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.
2. Директорлор кеңешинин 2025-жылдагы жасалган иштер жөнүндө отчетун кароо жөнүндө.
3. 2025-жылы Банктын бизнес-планынын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндө.
4. 2026-2028-жылдарга Стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө.
5. 2025-жыл үчүн Банктын финансылык отчетун бекитүү жөнүндө (Улуттук банктын жана ФОЭС талаптарына ылайык).
6. 2025-жыл үчүн Банктын ишин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тышкы аудитордун корутундусу жөнүндө.
7. 2025-жылдын жыйынтыктары боюнча пайданы жана өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайданы (бөлчөк калдык) бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө.
8. “Дос-Кредобанк” ААКтын жүгүртүүдөгү акцияларынын санын көбөйтүү, кошумча чыгарылган акцияларды жайгаштыруу тартибин жана мөөнөттөрүн бекитүү.
9. “Дос-Кредобанк” ААКтын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
10. “Дос-Кредобанк” ААКтын Директорлор кеңеши жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө.
11. “Дос-Кредобанк” ААКтын Корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү жөнүндө.
12. Банктын 2026-жылга карата финансылык отчетунун тышкы аудиторун шайлоо жана анын сый акысынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө.
Кезектеги Акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимдер:
1. Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун Эсептөө комиссиясын бекитүү.
2. Директорлор кеңешинин 2025-жылдагы аткарган иштер жөнүндө отчетун бекитүү.
3. Банктын 2025-жылга карата бизнес-планынын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү.
4. 2026-2028-жылдарга Стратегиялык өнүгүү планын бекитүү.
5. Улуттук банктын жана ФОЭС талартарына ылайык Банктын 2025-жылга карата финансылык отчетун бекитүү.
6. Банктын 2025-жылдагы ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тышкы аудитордун корутундусун эске алуу.
7. Банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайда төмөнкүлөргө багытталсын:
8. “Дос-Кредобанк” ААКтын жүгүртүүдөгү акцияларынын саны жыйырма биринчи эмиссиянын 332 147 (үч жүз отуз эки миң бир жүз кырк жети) нуска санында жөнөкөй энчилүү акцияларын кошумча чыгаруу аркылуу көбөйтүлсүн
9. “Дос-Кредобанк” ААКтын Уставы жаңы редакцияда бекитилсин
10. “Дос-Кредобанк” ААКтын Директорлору кеңеши жөнүндө жобо жаңы редакцияда бекитилсин
11. “Дос-Кредобанк” ААКтын Корпоративдик башкаруу кодекси жаңы редакцияда бекитилсин
12. “Бейкер Тилли Бишкек” ЖЧК тышкы аудитор болуп шайлансын жана Директорлор кеңеши сунуштаган өлчөмдө сый акы аныкталсын.