«Дос-Кредобанк» ААК «HAYOT BANK» АК менен биргеликте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда QR-код аркылуу трансчек аралык төлөм жүргүзүү кызматын ишке киргизди. Эми кардарлар Өзбекстанда сатып алуулар үчүн «Дос-Кредобанк» ААКтын мобилдик сервиси — Simbank аркылуу төлөй алышат.
Учурда төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү Өзбекстандын бардык аймагындагы 140 000ден ашуун соода жана тейлөө түйүндөрүндө жеткиликтүү, ал эми алардын саны мындан ары да көбөйүүдө.
Жаңы сервис сатып алуулар үчүн көнүмүш жана ыңгайлуу жол менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берет — Simbank тиркемесин ачып, «HAYOT BANK» АКтын QR-кодун сканерлөө жетиштүү. Төлөм комиссиясыз жүргүзүлөт: сатып алуунун наркы өзбек сумунда (UZS) көрсөтүлүп, каражаттар конвертациялоонун учурдагы курсу боюнча кыргыз сомунда (KGS) эсептен чыгарылат.
Трансчек аралык QR-төлөмдөрдүн ишке киргизилиши — «Дос-Кредобанк» ААКтын заманбап санариптик сервистерди өнүктүрүү жана кардарлары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытындагы дагы бир кадамы. «Дос-Кредобанк» ААК күнүмдүк финансылык операцияларды жөнөкөйлөштүргөн жана кардарларга көнүмүш сервистерди Кыргызстанда гана эмес, анын чегинен тышкары да колдонууга шарт түзгөн чечимдерди киргизүүгө умтулат.
Simbank’ты өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү менен «Дос-Кредобанк» ААК кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантып, финансылык кызматтардын ыңгайлуулугуна, мобилдүүлүгүнө жана жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурат.
«Дос-Кредобанк» ААК мындан ары да Simbank’тын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү жана жаңы санариптик чечимдерди киргизүүнү пландаштырууда. Бул кардарларга бир мобилдик сервистин алкагында дагы көбүрөөк финансылык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга шарт түзөт.