04 Февраль 2026 10:02

“Дос-Кредобанк” ААК эскертет: алдамчылардан сак болуңуз

“Дос-Кредобанк” ААК кардарларга жана жарандарга алдамчылык учурларынын көбөйүп жаткандыгын маалымдайт, мында алдамчылар акча каражаттарына жана жеке маалыматтарга жетүү максатын көздөп, өздөрүн банктардын, мамлекеттик органдардын кызматкерлери же тааныш адамдар катары тааныштырышат.

Банк өзгөчө сак болууга жана финансылык коопсуздуктун негизги эрежелерин сактоого чакырат. Алдамчылар көбүнчө басым кылышат, дүрбөлөңгө түшүрүп, сактыкты жоготуу үчүн “шашылыш”, “токтоосуз”, “дароо азыр” сөздөрүн колдонуп шаштырат. Эсиңизде болсун, телефон номерлери, мессенджерлердеги жана социалдык тармактардагы аккаунттар жасалма болушу мүмкүн, ошондуктан бардык маалыматты кайра текшерүү керек.

Мамлекеттик органдар жана банктар эч качан паспорттук маалыматтарды, PIN-коддорду, CVV-коддорду, SMS-билдирүү менен келген ырастоо коддорун же башка купуя маалыматты сурабайт. Ошондой эле билдирүү тааныш байланыштан келген күндө дагы, шектүү шилтемелерге өтүү сунушталбайт.

Күмөн санасаңыз, токтолуп, маалыматты кошумча текшерүү маанилүү. Жөн гана бир аз тыным алуу финансылык жоготуулардын алдын алууга жардам берет.

“Дос-Кредобанк” ААК аң-сезимдүү финансылык коопсуздукту колдойт жана кардарларды өзүнүн жеке маалыматтарына жана акча каражаттарына аяр мамиле жасоого чакырат.

Өзүңүздү жана финансыңызды коргоңуз.