31 Июль 2026 11:07

АКШ доллары менен SWIFT-которууларга 0,1% кешбэк

2026-жылдын 31-декабрына чейин «Дос-Кредобанк» эл аралык которуулар боюнча комиссиянын бир бөлүгүн кайтарып берет

«Дос-Кредобанк» ААК SWIFT системасы боюнча эл аралык которууларды жөнөткөн кардарлар үчүн акция өткөрөт.

2026-жылдын 1-июлунан тартып 31-декабрга чейин АКШ доллары менен SWIFT-которууну жөнөтүүдө кардар которгон суммадан 0,1% өлчөмүндө кешбэк алат – башкача айтканда, банктын комиссиясынын дээрлик жарымын кайтарып алат.

Мисалы: 50 000 USD которууда кешбэк 50 USD түзөт.

Акция бардык багыттар боюнча жарактуу. Банктын кардарлары көбүнчө Кытайга, Түркияга жана Грузияга акча которушат.

SWIFT-которууну «Дос-Кредобанк» ААКтын каалаган филиалында же аманат кассасында тариздөөгө болот.

https://www.dcb.kg/kg/money-transfer/transfer/swift