09 Август 2022 17:08

Dosсredobank электромобилдерге өтөт

Dosсredobank өлкөбүздүн айлана чөйрөнү коргоо маселесине өзгөчө аяр мамиле жасайт. Андыктан экологиялык пайдалуу продуктулардын жайылышына жардам берген DCB GREEN программасын активдүү ишке ашырууда.

Жумуштун экопринциптерин кармануу менен Dosсredobank электромобилдерди колдонууга өтүүдө жана бүгүнкү күндө биздин Банк тарабынан кызматкерлердин корпоративдик максаты үчүн алгачкы эки электромобилдер сатып алынды. Эми жолдо унаа менен жүрүү эффективдүү гана эмес, үнөмдүү да болуп калды.

Эсиңиздерге салсак, бизде DCB GREEN насыялоо программасы - Банктын өнөктөштөрү аркылуу же накталай жол менен электр энергиясы, гибрид, газ менен жүргөн транспортторду алууга, коммерциялык же керектөөчүлүк максатта автомашинага газ менен жүргүзүүчү жабдыкты орноштурууга насыя/бөлүп төлөө шарттары бар.

Насыялоо шарттары боюнча актуалдуу маалыматтарды сиздер ар дайым
8686 Call-борбору (мобилдик телефондор үчүн чалуу акысыз) же 0 225 00 8686 WhatsApp номери аркылуу ала аласыздар.

Dosсredobank  - биз менен оңой жана ыңгайлуу!