18 Ноябрь 2022 09:11

Doscredobank Кыргызстанда алгачкы “Жашыл” депозитти киргизди!

Doscredobank "DCB Green" программасынын алкагында өзүнүн депозиттик тизмегине юридикалык жактар үчүн “Жашыл депозит” жаңы продукциясын киргизди. Бул депозит боюнча киреше улуттук валютада жылына 14 пайызды түзөт. 

“Жашыл депозиттин” негизги өзгөчөлүгү – аны жайгаштыруунун максаттуулугунда. Бул продукциянын алкагында каражат салгандардын бардык акчасы туруктуу өнүктүрүү максатына шайкеш келген экологиялык таза технологияларды чыгарууга жана жайылтууга багытталат. 

“Жашыл салым” ESG-башкаруунун эффективдүү принциптерине дал келет. Айлана-чөйрөгө кам көрүү – Банктын корпоративдик-социалдык жоопкерчилик тармагындагы негизги багыттарынын бири эмеспи. 

“Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө бизнестин көбү ESG-принциптери менен жүргүзүүгө өтүп жатканы байкалууда. Анын маңызы мындай – сен кандай гана тармакта бизнес жүргүзбө, жалгыз эле акчаны эмес, айлана-чөйрөгө зыян тийгизбөөнү, ага жакшы жактан таасир берүүнү, социалдык жашоого жана башкаруучулук аспектилерге оң таасир берүүнү кошо ойлонуу керек.  Биздин банк жоопкерчиликтүү каржылоо жана инвестициялоо боюнча продукциялар тизмегин активдүү өнүктүрүүдө. Бул жаңы депозит биздин корпоративдик кардар-өнөктөштөргө ESG-стратегиясын колдоого мүмкүндүк берет, мындан тышкары акырындык менен таза, энергоэффективдүү жана биздин өлкөнүн экологиялык туруктуу экономикага өтүүсүнө өбөлгө болот”, - деп белгиледи Башкармалыктын мүчөсү Азизбек Сайпидинов. 


"ЖСКК "АК-БОСОГО" ААК Doscredobank’та “Жашыл” депозит түзүп, КРдаг мындай салымды биринчи ачкан банктын алгачкы жоопкерлиликтүү инвестору болду. 

«Туруктуу өнүктүрүү темасы (ESG) көптөгөн компаниялар үчүн көптөн бери эле негизги багыттагы жумуш болуп калды. Туруктуулук маселелерине жана өзүнүн өнүгүү стратегиясына аны киргизүүгө кызыккан өндүрүшчүлөр уламдан-улам көбөйүп жатат. “Ак-Босого” турак жай-аманаттык насыя компаниясы – ипотекалык компания. Ал Баушпаркас немес үлгүсү боюнча иштейт. Биздин компания каражат салган адамдардын каражаттарын эффективдүү жайгаштырууга дыкат көңүл бурат. Буга байланыштуу Doscredobank’та “Жашыл депозитти” киргизүү чечими кабыл алынды”, - деди Башкармалыктын төрагасы Момбеков Уланбек Ажыбекович.

«DCB Green» программасынын алкагында бир катар эко-продукциялары иштелип чыкты. Алар атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн бир топко азайтат. Алар - туристтик обьектилерге энергияэффективдүү жабдыктарды орнотуу, электромобилдерди бөлүп төлөө жолу менен берүү, үйлөргө газ киргизүугө жана энергияны үнөмдөгөн котёлдорду алып, орнотуу үчүн берилген “экоүй” насыялары. Көпчүлүк продукциялар үчүн кэшбэктер каралган. 

Маалымдама: Экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу  (англ. Environmental, Social, and Corporate Governance, ESG) — компаниянын социалдык, экологиялык жана башкаруучулук көйгөйлөрдү чечүүчү аракеттеринин башкаруудагы мүнөздөмөсүнүн жыйындысы. 
ESG — ESG – социалдык жоопкерчиликтеги инвесторлор потенциалдуу инвестицияларды издөө үчүн колдонгон компаниянын ишмердүүлүгүнүн стандарттар топтому. Экологиялык талаптар компания жаратылышты коргоочу катары кандай ролдо экендигин аныктайт. Ал эми социалдык критерийлер - компания кызматкерлер, кардарлар, өнөктөш жана коомчулук менен кандай мамиледе экендигин аныктайт. Корпоративдик башкаруу – компаниянын жетекчилигине тиешелүү. Жетекчилердин эмгек акысы, аудит, ички көзөмөл жана акционерлердин укугу.