22 Август 2022 14:08

Doscredobank Кыргызстан "Жашыл Альянсына" мүчө болду.

"Жашыл Альянстын" миссиясынын компоненттеринин бири - жашыл каржылоонун принциптерин алдыга жылдыруу жана жайылтуу. Doscredobank - айлана чөйрөнү коргоого өзгөчө көңүл буруу, климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттери менен күрөшүү, зыяндуу заттардын атмосферага таралышын азайтуу, өлкөнүн экосистемасын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу менен калктын бардык катмарына жашыл каржылоону сунуштаган Кыргызстандагы эң алгачкы каржы кызматтарынын бири болуп саналат.

Doscredobank'тын DCB Green долбоорунун алкагында, Банк электромобилдерди насыяга алууга, газ жабдыктарды орнотууга жана туризм тармагындагы энергияны үнөмдөөчү жашыл технологияны киргизүүгө жана башка көптөгөн багыттарды каржылоо максатында жашыл насыялоону активдүү сунуштап келет. Кечээ жакында эле Doscredobank электромобилдердин айдоочулары кызматынан акысыз пайдалана ала турган өлкөдөгү эң алгачкы электрокубаттоочу станция ачты.

Doscredobank - акырындык менен жашоонун экологиялык стилин жайылткан жана көрсөткөн кызматтары аркылуу жашыл принциптерди киргизип жаткан Банк. Биздин жасап жаткан миссиябыз "Жашыл Альянстын" миссиясы менен дал келгенине кубанычтабыз. Биз өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү жана жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн бириктик.