03 Октябрь 2022 09:10

DOSCREDOBANK - “Алкак жана Жол” демилгесинин алкагында Green Investment Principles Жашыл Инвестиция принциптерине кол койгон Борбор Азиядагы алгачкы банк.

“Алкак жана Жол” демилгесинин алкагындагы Жашыл Инвестициялар Принциптери - Green Investment Principles - “Алкак жана Жол”демилгесинин экинчи форумунда, 2019-жылдын 25-апрелинде Пекин шаарында жарыяланган. Документ экономиканын ар кандай секторлорунда иш алып барган, эл аралык беделдүү уюмдар менен кызматташуучу Кытайдын жана Лондон Ситинин жашыл каржы боюнча Комитети тарабынан иштелип чыккан. Документтин негизи болуп, кол койгон тараптарды туруктуу корпоративдик башкаруу менен камсыздоого чакыруучу, экологиялык тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн конкреттүү чараларды сунуштоочу, ошондой эле эң заманбап каржылык жашыл инструменттерди колдонууга көмөктөшүүчү жети башкаруу принциби болуп саналат.

DOSCREDOBANK’тын Жашыл Инвестиция Принциптерине кол коюусу Борбордук Азиядагы “Алкактар жана Жолдор” үчүн GIP Аймактык кеңсеси статусу бар АЭКБ (Астана эл аралык каржы борбору) Жашыл каржы борборунун  буга чейин болуп көрбөгөн колдоосу менен ишке ашты. АЭКБ Жашыл Каржы Борборунун командасы потенциалдуу эмитенттерге, инвесторлорго жана жашыл облигацияларды чыгарууга даярдоо боюнча   баалуу кагаздар рыногунун фигураларына колдоо көрсөтүү жана операциялык ишмердүүлүккө ESG-принциптерди киргизүү тармагынын потенциалын жогорулатууга активдүү колдоо көрсөтөт.

Кол коюу статусу DOSCREDOBANK үчүн аймактарга “Бир алкак, Бир жол” жашыл долбоорлоруна жетки, потенциалды өстүрүү боюнча иш чараларга (тренингдер, семинарлар), ошондой эле Принциптерди ишке ашыруучу инструменттерге жана тематикалык изилдөөлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Муну менен катар, Банк бизнес-стратегияга жана корпоративдик пландоого Принциптерди киргизүүнүн айкындуулугун камсыздап берүүсү күтүлүүдө.

Принциптерге кошулган глобалдык каржы мекемелеринин саны өсүүдө жана дүйнөнүн 14 өлкө, аймактарынан 12 өнөктөш, 45 кол коючулар менен катар, Кытай өнүктүрүү банкы, Кытайдын Экспорт-импорт банкы, Кытайдын өнөр жай жана коммерциялык банкы, Кытайдын Айыл-чарба банкы жана Жибек жолу Фонду сыяктуу Кытайдагы ири мекемелер, ошондой эле төмөнкү эл аралык уюмдар да кол коюшкан: Crédit Agricole, Standard Chartered банкы, Swiss RE, АЭКБ Биржасы, Transport and Development Bank of Mongolia (TransBank) Банкы, Франция тышкы соода банкы, Al Hilal Банкы,  Гонконг фонддук биржасы жана Natixis Банкы.