30 Ноябрь 2022 08:11

Doscredobank «Чынар» ГУМда акысыз кубаттоочу станция ачты

Электромобилдердин айдоочулары ГУМ “Чынардагы” унааларды кубаттоочу кызматты акысыз пайдалана алышат. Станцияда эки порт бар, андыктан бир убакта эки унааны кубаттаса болот.

Станция соода борборунун унаа токтотуучу жайына орнотулган.
Иштөө убактысы: 10:00-22:00

Dosсredobank айлана-чөйрөгө зыяндуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган экологиялык па йдалуу продуктыларды жайылтып, "DCB Green" программасын ишке ашыруу менен активдүү алектенүүдө.

"Биз таза жана туруктуу айлана-чөйрөнү камсыздоого болушунча салым кошуп жана транспорттордун экологиялык түрүн колдоп келебиз. Бул багыттагы аракеттерибиздин бири – автомобилдерди кубаттоочу станцияларды ачуу. Себеби, электромобилдерге өтүү менен абанын булганышын азайтууга болот”, - дешти банктан.

"DCB Green" алкагында бөлүп төлөө шарты менен электромобилдерди алууга, экологиялык таза каражаттардан үй салууга, туристтик объектилерге энергоэффективдүү жабдыктарды орнотууга, жашыл депозит ачууга жана каражатты айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшаса болот.
Толугураак маалымат:

8686 (мобилдик телефондон чалуу акысыз)
www.dcb.kg