20 Январь 2023 12:01

"АКЧАБАР" БАСЫЛМАСЫНЫН ВЕРСИЯСЫ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЫКТЫ БАНК-2022 - DOSCREDOBANK

"Акчабар" финансылык порталынын редакциясы “Кыргызстандагы мыкты банк-2022” наамына добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Кыргызстандыктар бир ай бою "Акчабар" порталындагы добуш берүүгө активдүү катышышты, анын жыйынтыгында DOSCREDOBANK биринчи орунга татып, сыйлыкка ээ болду. 

“Бизге ишеним көрсөткөнүңүздөр  үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз продукттарыбызды мындан да мыктылап, өнүктүрүп, эл үчүн максималдуу түрдө пайдалуу, жеткиликтүү ачык жана ыңгайлуу кылуунун үстүнөн иштөөнү улантабыз”, - деди башкармалыктын башчысы Чолпон Эшбердиева. 

Маалымат үчүн: Doscredobank банк кызматтары рыногунда 25 жылдан бери иштеп келе жатат жана Кыргызстан боюнча 50дөн ашык бөлүмдөрү бар. Банк ишин баштаган күндөн тартып эле КРнын экономикасынын өсүшүнө өз салымын кошуу, жаңы иш орундарын түзүү, жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу, ишкерликти жана бизнес демилгелерди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү  аракетин ишке ашырып келет. 

2021-жылы Банк тарабынан “жашыл продукттар” аркылуу коомго экологиялык таза технологияларды жайылтууга багытталган DCB GREEN атайын программасы ишке киргизилген.