Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин “ЧКЧКны өзгөчө колдоо” долбоорунун алкагында Доскредобанк пайызсыз насыя берет.

Кымбаттуу достор!

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин "Орто, кичи жана майда ишкерликти тезинен колдоо" долбоорунун алкагында, Doscredobank 18 айга пайызсыз насыяларды берет.
• 250 000 сом өлчөмүндөгү насыя - жылдык кирешеси 8 миллион сомго чейинки, өз ыктыяры менен/милдеттүү патент төлгөн же бирдиктүү салыктын негизинде иш алып барган ишкерлер үчүн берилет. 
• Суммасы 1 миллион сомго чейинки насыялар - жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашкан, жеке ишкерликтин каттоосу тууралуу күбөлүктүн негизинде жана юридикалык жак катары иш жүргүзгөн жеке ишкерлерге берилет. 
Насыяны жумшоонун максаттары:
- эмгек акы төлөө;
- кызматтар үчүн счёт-фактураларды төлөө;
- ижара акысынын чыгымдарын төлөө;
- коммуналдык кызматтар (анын ичинде Интернет үчүн дагы) үчүн төлөмдөр;
- жүгүртүү операциялары үчүн капитал катары.

*Насыя алуу үчүн талап кылынган негизги шарт - билдирүү калтырган күнгө чейин, 2018-жылдын 1-июлунан бери ишкананын 8 ай активдүү иш жүргүзгөндүгүн тостыктоо. 
Doscredobank, Сиздердин пайдаңыздар үчүн!