Акча которуулар боюнча Акция

Doscredobank эл аралык акча которуулар боюнча Акция старт алгандыгын кабарлайт. 

Акциянын алкагында, акча которуу же которулган акчаны алуу операцияларын ишке ашырган кардарлар сонун белектердин ээси болуп калуусу ыктымал. 

✅ Акцияга катышуу үчүн системада жеткиликтүү болгон Золотая Корона, CONTACT, Юнистрим, Астрасенд, UPT, Western Union, MoneyGram жана RIA акча которуу системалары аркылуу каалаган бардык валютасында операция жүргүзүү керек. 

Байгелер ар бири 3 айга созулуучу 2 этап менен ойнотулат. Ал эми белектердин алгачкыларын жеңүүчүлөр ушул жылдын соңунда алып башташат. 

Байгелер: iPhone 15 смартфондору, MacBook Air ноутбуктары, Сыналгылар, Samsung смартфондору, Электросамокаттар, Велосипеддер, Тиричилик техникаларын сатып алуу үчүн тастыктамалар

Акциянын жеңүүчүсү болуп, эң көп көлөмдө акча салып же которулган акчаны алган катышуучулар саналмакчы. Акциянын соңуна чейинки которуулардын көлөмүн аныктоо үчүн чет элдик валютада которулган каражаттын бардыгы КРУБнын курсу боюнча сомго конвертацияланат. 

Жеңүүчүлөр боюнча маалыматтар Doscredobank’тын www.dcb.kg расмий сайтына жарыяланат. 

Акциянын программасы: Doscredobank аркылуу акча которуп, белектерге ээ бол

Колл-борбор: 8686 (уюлдук телефондон чалуу акысыз)