29 Июнь 2023 11:06

Doscredobank жашыл облигацияларынын 70% беш күндүн ичинде жайгаштырылды

Doscredobank’тын Жашыл Облигациялары расмий сатыла баштагандан тартып, беш күндүн ичинде жалпы чыгарылыштын дээрлик 70% пайызы жайгаштырылды! 

Бул экологиялык туруктуу инвестицияларга жана курчап турган чөйрөөнү коргоого кызыкчылыктар жогору экенин тастыктаган эң жагымдуу жаңылык. 

Жашыл Облигацияларга инвестиция жасоо каржылык жактан гана пайдалуу болбостон, климаттык өзгөрүү менен күрөшүүгө калктын активдүү катышуусун шарттап жана экологиялык маанидеги долбоорлорду колдоо үчүн да пайдалуу болуп саналат. 

Чыгарылыштын негизги параметрлери: 
✅ Номиналдык наркы: 1000 сом
✅Баалуу кагаздардын саны: 85 000 нуска
✅Чыгарылыштын көлөмү: 85 000 000 сом
✅Кайрылуунун мөөнөтү: 3 жыл
✅Кирешелүүлүк: жылдык 16%
✅Төлөнүп берилиши: ар 3 ай сайын. 

Олигацияларды алуучу жайлар: 

✅”Сенти” Каржы компаниясы: Бишкек ш. Чүй кең көчөсү 219, 9-кабат
✅Кеңеш берүү Банктын бардык 9 филиалында жеткиликтүү
✅Онлайн билдирме калтыруу: www.kyrgyzgreenbonds.kg 

Облигациялар боюнча толугураак маалымат www.dcb.kg сайтында жайгашкан. 
📞8686

Doscredobank банкка көргөзгөн ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдирет. 

*Облигациялар тууралуу кенен маалыматтар www.dcb.kg сайтында жайгашкан Облигациялардын эмиссия проспектинде жана Облигациялардыначык сунушунун шарттарында  камтылган. 

Облигацияларды чыгаруу USAID’дин ишкердикти жана бизнес чөйрөсүн каржылык колдоосунун негизинде ишке ашырылды.