16 Апрель 2022 11:04

Борбордук Азиядагы Америка университетинде карьера жарманкеси

DCB Career программасынын алкагында Доскредобанк БААУнун Карьера жарманкеси 2022ге катышты.

БААУнун Карьера жарманкеси ар кайсы факультеттердин (жана университеттердин) студенттерин чогултуп, аларга жумушка орношуу маселелерин чечүүгө, ошондой эле тандалган багыттын туура экенине ынанууга жардам берет.

"DCB Career" бул долбоор университеттин бүтүрүүчүлөрүнө жана карьерасын Доскредобанктан баштоону каалаган ар бир адамга жана 3-5 курстун студенттерине стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Сиз эмне аласыз?

Кыргызстан боюнча Доскредобанктын филиалдарында бекер машыгуу

Банк адистеринен каржы тармагында практикалык билим

Пикирлеш адамдардын достук командасы

Банктын социалдык жана экологиялык долбоорлоруна катышуу

Практиканы ийгиликтүү аяктагандан кийин - ишке орношуу мүмкүнчүлүгү

Doscredobank - бул Кайзен системасы боюнча иш алып барган жана башкаруу системасына заманбап көз карашка ээ банк. Doscredobank инновациялык долбоорлорду ишке ашырат жана сиз алардын бир бөлүгү боло аласыз.

Doscredobankтагы стажировка сиздин карьераңыз үчүн эң сонун башталгыч болуп саналат.

Өзүңүздүн резюмеңизди стажировка өтүүчү бөлүмдү жана аймакты көрсөтүү менен career@doscredobank.kg дарегине жөнөтүңүз.

Сизди биздин командада көргөнүбүзгө кубанычтабыз!