16 Ноябрь 2022 14:11

А, сиз абанын сапатына көз саласызбы?

1. Дүйнө жүзү боюнча экологиялык көйгөйлөрдүн эң маанилүүлөрүнүн бири болгон абанын булганышы Кыргызстанды дагы четте калтырган жок. Аба атмосферасынын булгануусуна байланышкан маселелер боюнча коомдук иштерди алып барган Мувгрин экологиялык уюму тууралуу билген соң, банктын бөлүмдөрүнө датчиктерди орнотуу менен абанын сапатына мониторинг жүргүзүү аймагын кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү чечими банк тарабынан кабыл алынган. 

2. MoveGreen менен кызматташуунун алкагында, Doscredobank’тын республика боюнча бөлүмдөрүндө абанын сапатына онлайн режимде мониторинг жүргүзүүчү 13 даана датчиктер орнотулган. 
Бул маалыматтар aq.kg тиркемесинде жана www.aq.kg сайтында реалдуу убак-сааты менен жеткиликтүү. 

3. Датчиктер абаны булгоочу негизги аралашмалардын көрсөткүчүн ченеп, майда чаңдын арасындагы катуу заттардын бар же жок экендигин көрсөтөт. Аткарылган иштердин арты менен Кыргызстандын жашоочуларында Бишкек, Кара-Балта, Кант, Токмок, Кочкор, Балыкчы, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Баткен жана Талас шаарларындагы абанын сапаты тууралуу билүү мүмкүнчүлүгү жаралды. 

4. Датчиктердин көз карандысыз түйүнү түзгөн мүмкүнчүлүктөр: 

Жарандар үчүн - абанын сапатына каалаган учурда көзөмөл салуу
Экологиялык кызматтар үчүн - абанын булганышына ыкчам чара көрүү

Келгиле, жаратылышка бирге кам көрөлү!