25 Июнь 2022 12:06

Дос-Кредобанк ААКунда банктын жетекчилиги Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү Emiko Todoroki жана Нурланбек Тынаев менен жолугушту.

24-июнда Дос-Кредобанк ААКунда банктын жетекчилиги Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү Emiko Todoroki жана Нурланбек Тынаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Дүйнөлүк Банк жана Инфраструктуралык өнүктүрүүнүн Азиялык Банкынын колдоосу менен КРнын Каржы министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "майда, кичи жана орто бизнести тезинен колдоо" долбоорун ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.

Дос-Кредобанк программанын катышуучусу болуп саналат жана өлкөнүн каржы, ошондой эле жеке секторлорун колдоого бөлүнгөн каражатты өздөштүрүүгө өз салымын ийгиликтүү кошуп жатат.

Эске сала кетели, пайызсыз насыя алуу үчүн төмөндөгү категориядагы жеке ишкерлер кайрыла алышат:

1-категория. - КРнын Салык мыйзамдарына ылайык, жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлер (01.07.2018-ж. баштап банкка арыз калтырган күнгө чейинки аралыкта 8 айдан кем эмес мөөнөткө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн).

2-категория. - КРнын Салык мыйзамдарына ылайык иш алып барган, жылдык кирешеси 30 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлер (01.07.2018-ж. баштап банкка арыз калтырган күнгө чейинки аралыкта 8 айдан кем эмес мөөнөттө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн) жана Юридикалык жактар (01.07.2018-ж. баштап банкка арыз калтырган күнгө чейинки аралыкта 8 айдан кем эмес мөөнөттө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн).

Насыя берүүнүн валютасы: Кыргыз Республикасынын сому

Пайыздык коюм: 0%

Колдонуу мөөнөтү: 18 айга чейин

Суммасы: 1-категория үчүн 250 000 сомдон ашпайт

2-категория үчүн 1 000 000 сомдон ашырылбайт.