19 Август 2022 13:08

Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун өкүлү менен Банк жетекчилигинин жолугушуусу

2022-жылдын 11-августунда "Дос-Кредобанк" ААК Банктын Башкармалыктын Төрагасы Эшбердиева Чолпон Молдалиевна GGGI "Жашыл өсүүнүн глобалдык институту" Эл аралык өкмөттөр аралык уюмунун Монголиядагы кеңсесинин өкүлү Tuguldur Baavai мырза менен жолугушту.

Жолугушууда "жашыл экономиканы" өнүктүрүү, зарыл болгон "жашыл" каржы инструменттерин киргизүү боюнча долбоорду жана Кыргызстандагы банктык сектор менен кызматташуу перспективалары боюнча маселелер талкууланды.

Маалымат үчүн: "Жашыл өсүүнүн глобалдык институту" (GGGI) - бул өнүккөн өлкөлөрдө жана рыноктук экономиканын негизинде калыптанган өлкөлөрдө инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өсүүнү колдоого ишмердүүлүгү багытталган, эл аралык өкмөттөр аралык негизделген уюм.