Урматтуу кардарлар,
Профилактикалык иштер жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 31-декабрдан саат 16:00дөн тартып 4-январга чейин Банктын DCB360 / DCB BUSINESS мобилдик тиркемелеринде жана Интернет-банкингинде «Элкарт» төлөм карталарын колдонуу менен төмөнкү операциялар убактылуу жеткиликсиз болот:
• «Элкарт» төлөм карталары аркылуу QR-код менен акча которуулар;
• «Элкарт» төлөм карталарын колдонуу менен жүргүзүлгөн ички банктык которуулар;
• «Элкарт» төлөм карталары аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөр.
Мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз.