14 Сентябрь 2023 09:09

Кардарлар үчүн эскертүү

Урматтуу кардарлар! 

Евро менен SWIFT которууларда өзгөрүүлөр болгондугун маалымдайбыз: 

2023-жылдын 20-сентябрынан баштап, Landesbank Baden-Wuerttemberg аркылуу SWIFT төлөмдөрүн евро менен которуу Европа экономикалык аймагындагы өлкөлөргө, Швейцария жана Улуу Британияга гана өтөт. 

Ошондой эле, биз эл аралык байланыштар тармагында активдүү саясат жүргүзүп, алдыңкы банктар менен түздөн-түз корреспонденттик алакаларды түзүүгө дайым умтулабыз. 

Банктын кеңири корреспонденттик түйүнү кардарларыбызга башка корреспонденттик банктар аркылуу SWIFT төлөмдөрдү жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. 

Колл-борбор: 8686